Зулушевдин жалаң кыргыз тилинде сүйлөгөнүнө нааразы болгондор чыгууда. Прокурордун жообу

Зулушевдин жалаң кыргыз тилинде сүйлөгөнүнө нааразы болгондор чыгууда. Прокурордун жообу

Башкы прокурор Курманкул Зулушев кечээ, 4-ноябрда, маалымат жыйынын өткөрүп, орус тилинде берилген суроолорго да кыргыз тилинде жооп берди. Анын мындай кадамы орус тилдүү журналисттерге жакпай, ошол жерден: «Эмне үчүн суроолорго кыргыз тилинде гана жооп берип жатасыз?» — деп сурашып, олуттуу жооп алышса деле, нааразы болуп жамандап жазып жатышат.

Ал эми Башкы прокурордун урматтуу орус тилдүү журналисттерге берген жообу орундуу да, жүйөлүү да болду:

Туура түшүнүңүздөр, менин расмий же башка тилди кемсинтейин деген оюм жок. Расмий тилде ушул күнгө чейин сүйлөп, жазып келдим. Ар бир адамдын максаты болот. Мага мамлекеттик тил бардыгынан ыйык, бийик. Кайсы мамлекет болбосун өзүнүн тилин, каада-салтын сыйлап, урматташ керек! Ошол эле учурда мамлекетте жашаган башка улуттагы эл да мамлекеттик тилди билиши керек. Мен бардыгыңыздарга ийгилик каалап, силерден да мамлекеттик тилде сүйлөшүңөрдү суранат элем.

Кысымда калган кыргыз тилинин багы ачылабы?

Дүйнөдөгү башка мамлекеттик тилдердей эле Кыргыз тили көз карандысыз, өз алдынча тийиштүү макамын мындан 31 жыл мурда алган. 1989-жылдын 23-сентябрында кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы ыйгарылган.

Убакыт ченемин карасак, коңшу мамлекет Казакстан, башка кошуналарыбыздан бул макамды озунуп алдык, бирок, иш жүзүндө алардан артта калдык. Бул ачуу чындык. Бизде дале эне тилибиз өнүгө элек. Дагы деле орус тилине басым көп жасалат. Мамлекеттик иш кагаздары, жыйналыш, маалымат жыйындары, маалымат барактары (пресс-релиз) орус тилинде. Мамлекет башчыбыз баш, башка чоӊ-кичине мекемелердин жетекчилери төш болуп даталуу күндө эле эне тилибизге күйүмүш болуп катуу сүйлөйбүз. Бирок, иш жүзүндө өгөйлөгөн мамиле калып келатат.  Башкы прокурор туура айтты, Кыргызстан жаранымын деген ар бир адам, кайсы улут өкүлү болбосун, мамлекеттик тилде сүйлөп, жазып, окуй билиши керек. Ошондо сырттан келген сыйлуу коноктордун да, туристтердин да, башкасынын да биздин тилге мамилеси өзгөрөт…жакшы жагына…

Ааламга белгилүү өлкө болуш үчүн бийликти алмаштырган төӊкөрүш эле керек эмес. Тил, маданият, адабиятка, тарыхка мамиле тийиштүү бийиктикте болушу керек. Аӊ-сезимдерде, жан дүйнөдө жаӊыруу, жаӊылануу курулай кыйкырык, курулай мекенчил сезимдер боюнча калбашы зарыл. Андыктан мамлекеттик тилибиздин макамын, даражасын көтөрүү багытындагы Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров менен башкы прокурор Курманкул Зулушевдин  кадамдары кыска убакыттык болбойт деген ишенимдебиз! Буга чейин канча кысымда калган,  бир учурда «легендарлуу парламент» тийиштүү макамын мыйзамдаштырып берген КЫРГЫЗ ТИЛИБИЗДИН акыры багы ачылсын!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.