ВИДЕО — Ак үйдү тоскон темир тор алынууда. Аны алуу идеясы Жапаровдукубу же элдикиби?

ВИДЕО — Ак үйдү тоскон темир тор алынууда. Аны алуу идеясы Жапаровдукубу же элдикиби?

Бүгүн, 6-ноябрда, Ак үйдү тоскон темир торду «Тазалык» муниципиалдык ишканасынын кызматкерлери ала баштады. Мындай чечим спикер Талант Мамытовдун мэрге жазган расмий катынан кийин аткарылууда.

Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев: «Тосмону алуу идеясы президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровго таандык. Эл менен бийликтин ортосундагы тосмону алуу демилгеси болуп саналат. Имараттын тегерегин көрктөндүрүү боюнча иш башталат«, — деди.

Жана ал иштердин жүрүшүн «Азаттыктын» видеосунан көрсөӊүздөр болот…

Белгилей кетсек, тосмону алып салуу учурдагы бийлик тушунда кокустан келген идея эмес, буга чейин коомчулукта, жаштар арасында какшап эле айтылып келаткан маселе болчу. Акыры ошол маселени мэрия бүгүн ишке ашырып жатат…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “ВИДЕО — Ак үйдү тоскон темир тор алынууда. Аны алуу идеясы Жапаровдукубу же элдикиби?

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.