ВИДЕО — Майрабек АБДУРАИМОВ: «Эки уулунан ажыраган апа тезинен операцияга муктаж. Жардам кылыӊыздар!»

ВИДЕО — Майрабек АБДУРАИМОВ: «Эки уулунан ажыраган апа тезинен операцияга муктаж. Жардам кылыӊыздар!»

Бир канча күн мурун 54 жаштагы Имаралиева Гүлзара Алтымышевнага тезинен операцияга кылуу керектигин жана операцияга зарыл каражат алардын үй-бүлөсүндө жоктугун, ошол себептен уулу Ороз Фейсбуктан элден апасынын өмүрүн сактап калууга жардам сурап видеокайрылуу жайгаштырган эле. Ал кайрылууга улай биздин редакцияга (alakan.biz) Майрабек Абдураимов деген жигит маалыматтык жардам көрсөтүп коюшубузду өтүнүп кайрылып калды.

Анын айтымында, учурда боору жабыркап, операцияга муктаж болуп турган Гүлзара Имаралиеванын уулу Ороздун досу. Ороздун үй-бүлөсү Баткен облусундагы Кадамжай районунан болот. Анын ата-энеси төрт уул, бир кыздуу болушуп, тилекке каршы, эки жыл мурда бир уулунан, былтыр дагы бир уулунан ажырап калышкан. Улуу байкесинен ажыраган Ороз азыр үйдүн улуусу катары көп жоопкерчиликти мойнуна алып, апасынын саламаттыгы үчүн болгон аракетин жумшап жатат. Анткени кичүү карындашы, иниси — студенттер. Ошол себептен, Москвада шеф-ашпоз болуп иштеп жаткан жумушун таштап, апасынын жанына келген. Ошондон бери достору, туугандарынын жардамы, аракети менен учурда 15 миӊдей доллар өлчөмдөгү акчаны таап, калган сумманы толуктоо үчүн кайрымдуу элибизге кайрылып жардам сурап отурат.

Гүлзара Имаралиева учурда Бишкектеги ооруканада дарыланууда. Видеодон көргөндөй, Гүлзаранын ичине суюктук толуп, боору толук жабыркап, бир гана жол — боорду алмаштыруу керек болуп жатат. Диагнозу: «Боор циррозу» (Цирроз печени). Досун кыйын күндө таштабай, мүмкүн болгон тараптарга жардам сурап кайрылып жаткан Майрабек Индияга алып барып операция жасатууга абдан көп акча керек экен дейт.

«Операция Индия мамлекетинде гана жасалат экен. Операция оӊой эмес акча турат экен. 35-40 миӊ АКШ доллары керек болуп, 15 миӊдейин ары чуркап, бери чуркап таптык. Колдон келишинче чуркап, акча чогултуу аракетин азыр да токтоткон жокпуз. Бирок калган 20 миӊ долларды чогултуу кыйын болууда. Өз мүмкүнчүлүгүбүз жетпей жатат. «Көп түкүрсө, көл болот» дегендей, кайрымдуу элибизге, кайдыгер эмес мекендештерибизге, боорукер адамдарга кайрылып жатабыз. Кымындай каражат берип болсо да, айтылган сумма чогулуп, апабызга эртерээк операция жасалып айыгып кетет деген чоӊ үмүттөбүз», — дейт Майрабек.

Мындай сураныч-өтүнүчтү Гүлзара Имаралиева уулу Ороз да видеокайрылуусунда элге жолдоп отурат. Ал кайрылууну бу жердеги ВИДЕОдон көрсөӊүздөр болот!

Урматтуу мекендештер, замандаштар, бир үй-бүлөнүн үмүтүн жандырып, Ороздун, анын иниси, карындашынын, досу Майрабектин, башка туугандарынын тилектерин Кудай кабыл кылып, колдон келген жардамыӊыздарды аябаӊыздар.  

Банк «Компаньон»  4361532107455005.

Сбербанк 4817760125377211

Элсом: 0709 94 40 24

Байланыш телефондор: +79771050185; (0772) 359161; (0709) 94 40 24

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.