ВИДЕО — Манасчы Дөөлөт Сыдыков түшүндө аян көрдү. Бармагындагы табышмактуу мөөр…

ВИДЕО — Манасчы Дөөлөт Сыдыков түшүндө аян көрдү. Бармагындагы табышмактуу мөөр…

4 күндөн кийин, 12-ноябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында манасчы Дөөлөт Сыдыков жалпы элди, ааламды ынтымакка, биримдикке чакырат. Ал 12 саат тынбай манас айтат.

Айнектен жасалган боз үй тигилип, акустикалык аппараттар коюлган иш-чара саат 9:00дө башталат. Башкы максат— аалам теӊдешкис «Манас» эпосубузду, бизге гана таандык манасчылык өнөрдү, анын уникалдуулугун, өзгөчөлүгүн дүйнө жүзүнө жайылтуу жана даңазалоо, элди биримдикке чакыруу максатында дагы бир иш-аракет кылынууда, ал — манасчылык өнөрдү Гиннестин рекорддор китебине киргизүү.

Дөөлөт Сыдыковдун айтымында, ал буга чейин деле 12-13 саат тынбай манас айтып жүргөн. Бул жолку манас айтуудагы айырма — эс алмай, тамактанмай, ордунан жылмай жок. «Демдин жетишинче, алдын келишинче узак убакытка чейин манас айтканга аракет кылам«, — дейт манасчы.

«Аян болмоюн — баян болбойт» деп улуу-кичүү манасчыларыбыз айтып келгендей, улуу өнөрдү бийиктикте бекем кармап, улуу дастандын кийинки-кийинки урпактарга сакталышына көпүрө болуп келаткан манасчылардын азыркы учурдагы өкүлдөрүнүн бири Дөөлөт Сыдыковдун улуу устаттардан калган баянды ааламга жаӊыртуу алдында көргөн аян түшүн бу жердеги ВИДЕОдон көрүӊүздөр!

Иш-чара боюнча кенен маалымат алам десеӊиз, анын уюштуруучусу Элнура Кулуеванын билдирүүсүн бул жердеги ШИЛТЕМЕден окуӊуздар!

Гиннес китебине кирген биздикилер…

  • 2018-жылы 11-мартта Бишкекте 1,5 миң килограмм көлөмдө даярдалып, 150 литрлик 12 тай казан орнотулуп жасалган бешбармагыбыз да Гиннес китебине кирген. Аны да Элнура Кулуева уюштурган. 
  • 90 жаштагы кадырлуу аксакал хирургубуз Мамбет Мамакеевдын ысымы узак жылдардан бери үзгүлтүксүз эмгектенип келе жаткан адис катары Гиннес китебине кирген.

Маалымат үчүн, Гиннес китебине киргизилчү рекорддор күнү жыл сайын ноябрдын орто ченинде өткөрүлөт.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.