Манасчы Дөөлөт Сыдыков 12-ноябрда 12 саат эс албай, тамактанбай, жылбай манас айтат

Манасчы Дөөлөт Сыдыков  12-ноябрда 12 саат эс албай, тамактанбай, жылбай манас айтат

3 күндөн кийин, 12-ноябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында манасчы Дөөлөт Сыдыков жалпы элди, ааламды ынтымакка, биримдикке чакырып, 12 саат тынбай манас айтат.

Анын айтымында, ал буга чейин деле 12-13 саат тынбай манас айтып жүргөн. Бул жолку манас айтуудагы айырма — эс алмай, тамактанмай, ордунан жылмай жок. «Демдин жетишинче, алдын келишинче узак убакытка чейин манас айтканга аракет кылам«, — дейт манасчы Д.Сыдыков.

Иш-чаранын уюштуруучусу белгилүү, тажрыйбалуу журналист Элнура Кулуеванын айтымында, иш-чара саат 9:00дө башталат. Айнектен жасалган боз үй тигилип, акустикалык аппараттар коюлат. Башкы максат— манасчылык өнөрдү Гиннестин рекорддор китебине киргизүү. Манасчы Дөөлөт Сыдыковдун тебетейи, өтүгү даяр. Баш кийимин чеберлер Агат Жумашова, Клара Бектемирова даярдаган, өтүгүн Бакыт Байызов тиккен.

Элнура Кулуеванын буга чейинки  билдирүүсүн бул жердеги ШИЛТЕМЕден окуӊуздар!

Дөөлөт Сыдыковдун улуу устаттардан калган баянды ааламга жаӊыртуу алдында көргөн аян түшүн бу жердеги ВИДЕОдон көрүӊүздөр!

Гиннес китебине кирген биздикилер…

  • 2018-жылы 11-мартта Бишкекте 1,5 миң килограмм көлөмдө даярдалып, 150 литрлик 12 тай казан орнотулуп жасалган бешбармагыбыз да Гиннес китебине кирген. Аны да Элнура Кулуева уюштурган. 
  • 90 жаштагы кадырлуу аксакал хирургубуз Мамбет Мамакеевдын ысымы узак жылдардан бери үзгүлтүксүз эмгектенип келе жаткан адис катары Гиннес китебине кирген.

Маалымат үчүн, Гиннес китебине киргизилчү рекорддор күнү жыл сайын ноябрдын орто ченинде өткөрүлөт.

Урматтуу окурмандар, тарыхый күнгө саналуу гана күн калды. Мындай жакшы жаӊылыкты жалпы коомчулукка жеткириш үчүн бөлүшүп коюӊуз!

 Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.