Роза ОТУНБАЕВА:  «Байденди куттуктайм. Мамилебизди жаңы барактан баштоону чыдамсыздык менен күтөбүз»

Роза ОТУНБАЕВА:  «Байденди куттуктайм. Мамилебизди жаңы барактан баштоону чыдамсыздык менен күтөбүз»

Экс-президент Роза Отунбаева Джо Байден менен Камала Харристи АКШдагы президенттик шайлоодо жеңишке жетиши менен социалдык тармактагы баракчалары аркылуу куттуктады.

Анда: «Урматтуу Джо Байден жана Камала Харрис! Сиздерди татыктуу жеңишиңиздер менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Бул Америка үчүн жаңы барак. Башка мамлекет сыяктуу эле, биз, Кыргызстан мамилебизди жаңы барактан баштоону чыдамсыздык менен күтөбүз. Дүйнө дагы Америкага суктангысы келет” – деп жазган Роза Исаковна.

Белгилей кетсек, 3-ноябрда АКШда 59-президенттик шайлоо өтүп, добуштары саналып, 7-ноябрда жыйынтыкталды. Натыйжада 77 жаштагы (20-ноябрда 78 жашка чыгат. Жаш жагынан алганда, АКШнын тарыхындагы улуу президент — авт.) Джо Байден атаандашы Дональд Трампты жеңип чыгып, Американын 46-президенти болгон. Ал эми 56 жаштагы (АКШнын тарыхындагы алгачкы аял) Камала Харрис вице-президент болуп шайланган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.