ВИДЕО — Өмүрбек Текебаев Сыймык Жапыкеевдин кухнясын «тинтип», анын тарыхын айтып берди

ВИДЕО — Өмүрбек Текебаев Сыймык Жапыкеевдин кухнясын «тинтип», анын тарыхын айтып берди

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финпол) жетекчиси Сыймык Жапыкеев ЖК депутаты Өмүрбек Текебаевди чакырып, чай берип, ыраазычылыгын билдирди.

Анын себебин бу жердеги ВИДЕОдон көрүӊүз!

Эске сала кетсек,  15-октябрда БШК Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын кайтарып алуу арызын карап, канааттандырган.  Ага «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү, андагы ЖК депутаты Садык Шернияз 12-октябрда депутаттык мандатынан баш тартып, орун бошотуп берген.

Сыймык ЖАПЫКЕЕВ: «Кытай калпагын көтөрүп келбегилечи…»

Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Сыймык Жапыкеев 17-октябрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финполиция) жетекчи болуп дайындалган. Ал кызматка келгенден бери кылып жаткан иши боюнча отчет берип келет. Отчетторунун бирин бу жердеги ВИДЕОдон уксаӊыз болот.

Бакай КАШКАРБАЕВ: «Сыймык 2,5 млрд. сомдун документтерин көрсөтчү…»

Жогорудагы видеодо Жапыкеев сөз кылып жаткан жигит —  Бакай Кашкарбаев, ал Садыр Жапаровдун тарапташы. Ал бийлик алмашкандан кийин, бат-бат билдирүү менен чыгып жүрөт. Кечээги кайрылуусун төмөндөгү ВИДЕОдон көрүӊүз!

Белгилей кетсек, 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун шайтан оюнунан улам, бийлик алмашкан.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.