Алмазбек АТАМБАЕВ: «Чындык эртели-кеч жеңет, Үсөнбек Ниязбековду ким өлтүргөнү анык болот»

Алмазбек АТАМБАЕВ: «Чындык эртели-кеч жеңет, Үсөнбек Ниязбековду ким өлтүргөнү анык болот»

Бүгүн, 11-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму болуп  өттү. Бүгүнкү отурумга 1-июнда сот залынан чыгарылган экс-президент Алмазбек Атамбаев да ошондон бери биринчи жолу катышты. Ал жансакчысы Канат Сагымбаев менен мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязовду кое берүүнү өтүндү жана “алар мени сатпаганы үчүн отурушат”,-деди. Ошондой эле Атамбаев чындык эртели-кеч жеңерин, Үсөнбек Ниязбековду ким өлтүргөнү анык болорун айтты.

Соттук териштирүүнүн мөөнөтү бүгүн дагы эки айга, 11-январга чейин узартылды. Соттолуучулар Марат Шаменов, Нооруз Капарбек уулу, Рыспек Карыпбек уулу, Канат Осмоналиев, Амангелди Какебаев, Фархат Баабиев, Мээрбек Мискенбаев, Равшан Жеенбеков, Асель Кодуранова, Ирина Карамушкина жана Кундуз Жолдубаева боюнча үй камагы түрүндөгү бөгөт чарасынын мөөнөтү да узарды.

Ал эми Сагымбаев менен Ниязовдун бөгөт чарасы тууралуу маселени сот алар 9-октябрдагы Ала-Тоо аянтындагы башаламандык боюнча камакта отургандыктан караган жок.

Эске сала кетсек, кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча иштин алкагында Атамбаевди кармоо операциясы 2019-жылдын августунда болгон. Анда УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, 175 адам жараат алган. Бул иш боюнча 19 киши айыпталып, алардын 14нүн иши сотко өткөн. Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» жана «Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук», «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу», «Барымтага алуу» беренелери менен кине коюлган.

Ишти Бишкектин Биринчи Май райондук соту карап жатат. Азыр күбөлөр суралууда. 250дөй күбөнүн 11и суралып бүттү. Соттолуучуларга сөз алардан кийин берилет.

Ал эми тергөө менен кызматташканы үчүн калган беш кишинин иши өзүнчө каралары айтылган. Алар алгач кармалып, кийин коё берилген, айрымдары тергөө менен кызматташуудан кайра баш тарта башташты.

Батукаевдин иши боюнча мурдагы президент Атамбаев 11 жылга эркинен ажыратылган. Ал Бишкектеги №47 колонияда кармалууда. Ал жакка 27-октябрда которулган. Ага чейин УКМКнын тергөө абагында кармалып, андан №1 тергөө абагына которулуп, кайра 47-колонияга которулган. Ал жактан тартылган  сүрөтү социалдык тармактарга тарап, талкууга түшкөн.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Алмазбек АТАМБАЕВ: «Чындык эртели-кеч жеңет, Үсөнбек Ниязбековду ким өлтүргөнү анык болот»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.