Дөөлөт СЫДЫКОВ: «Демдин жетишинче, алдын келишинче узак убакытка манас айтам»

Дөөлөт СЫДЫКОВ: «Демдин жетишинче, алдын келишинче узак убакытка манас айтам»
Эртеӊ, 12-ноябрда, Бишкектеги Ала-Тоо аянтында манасчы Дөөлөт Сыдыков жалпы элди, ааламды ынтымакка, биримдикке чакырып 12 саат тынбай манас айтат.
Анын айтымында, ал буга чейин деле 12-13 саат тынбай манас айтып жүргөн. Бул жолку манас айтуудагы айырма — эс алмай, тамактанмай, ордунан жылмай, дааратканага бармай жок. «Демдин жетишинче, алдын келишинче узак убакытка чейин манас айтканга аракет кылам«, — дейт манасчы Д.Сыдыков.
Иш-чаранын уюштуруучусу белгилүү, тажрыйбалуу журналист Элнура Кулуеванын айтымында, иш-чара саат 9:00дө башталат. Айнектен жасалган боз үй тигилип, акустикалык аппараттар коюлат. Башкы максат— манасчылык өнөрдү Гиннестин рекорддор китебине киргизүү.

12 бир туугандын 12 жаштагы аяны…

4 баланын атасы, «Саякбай манасчы» коомдук фондусунун мүчөсү, манасчы Дөөлөт Сыдыковдун өмүр баянына токтоло кетсек, ал 37 жашта. Ал 1983-жылы 25-августта Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Шор-Булак айылында туулган. Атасынын жолун жолдогон манасчы 12 бир туугандын тогузунчусу. Манасчылыкка 12 жашында аралашкан. Түшүндө аян көргөн (улуу устаттардан калган баянды ааламга жаӊыртуу алдында көргөн аян түшүн бу жердеги ВИДЕОдон көрүӊүздөр).

Залкар манасчы Саякбай Каралаевди устатым деп эсептейт. Жогорку билимдүү, К.Молдобасанов атындагы кыргыз улуттук консерваториянын салттуу музыка жана фольклор бөлүмүн аяктаган. Эмгек жолу Т.Сатылганов атындагы №69 мектеп-гимназияда мугалимдиктен баштаган. Улуттук консерваторияда «Манас таануу» боюнча окутуучу болуп бир жыл (2011-2012-ж.ж) эмгектенген. 2012-жылдан бери КТРКда редактор, алып баруучу, сценарист болуп иштейт.

Азаматтын ак таңы — жары, өмүрүн улаган — балдары…

Д.Сыдыков бир топ сынактардын жеӊүүчүсү. Алсак, «Башканы коюп Манасты айт» сынагында 1-орунду, Куйручуктун 200 жылдык мааракесинде баш байгени, Манас күнү – 1-орунду ээлеген жана Уфа шаарында өткөн Бүткүл россиялык айтуучулар сынагында 1-орун алып лауреат болгон.
Үй-бүлөлүү. «Азаматтын ак таңы — алган жары, өмүрүн улап турган балдары» дегендей, жөлөп-таяп, сүрөп турган жубайы белгилүү режиссер Ырыс Окенова жана экөөнүн турмушта тапкан балдары — Эрболот, Байнур, Каган жана Адеми.

Гиннес китебине кирген биздикилер…

  • 2018-жылы 11-мартта Бишкекте 1,5 миң килограмм көлөмдө даярдалып, 150 литрлик 12 тай казан орнотулуп жасалган бешбармагыбыз да Гиннес китебине кирген. Аны да Элнура Кулуева уюштурган. 
  • 90 жаштагы кадырлуу аксакал хирургубуз Мамбет Мамакеевдын ысымы узак жылдардан бери үзгүлтүксүз эмгектенип келе жаткан адис катары Гиннес китебине кирген.

Маалымат үчүн, Гиннес китебине киргизилчү рекорддор күнү жыл сайын ноябрдын орто ченинде өткөрүлөт.

Урматтуу окурмандар, тарыхый күнгө саналуу гана күн калды. Мындай жакшы жаӊылыкты жалпы коомчулукка жеткириш үчүн бөлүшүп коюӊуз! Эртеӊ сөзсүз келиӊиз!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.