Бириӊерден бириӊ эр, президент болчу кимиӊер? (Тизме)

Бириӊерден бириӊ эр, президент болчу кимиӊер? (Тизме)

Президенттикке ат салышам деп талапкерлигин көрсөткөн адамдар саны 17ге жетти. Бул тууралуу  бүгүн, 12-ноябрда, БШК билдирди.

Президент болом дегендер арасында студент да бар…

Талапкерлердин эӊ жашы 36 жашта. Ал — Азамат Эсенбеков, «Алфа-Телеком» компаниясынын кызматкери. Бул жолу президенттикке студент да ат салышууда, ал — Аймен Касенов. 46 жашта, Чехиянын Прага шаарындагы Нью-Йорк университетинде окуйт.

Расмий арыз тапшыргандардын тизмеси:

1. Адахан Мадумаров,

2. Арстанбек Абдылдаев,

3. Назарбек Нышанов,

4. Кубан Чороев,

5. Бектур Асанов,

6. Бакыт Бакетаев,

7. Канатбек Исаев,

8. Абыкаар Сыдыков,

9. Сазыкбай Турдумалиев,

10. Нурлан Мотуев,

11. Рашид Тагаев,

13. Жеңишбек Байкуттиев,

13. Клара Сооронкулова,

14. Кубанычбек Кадыров,

15. Азамат Эсенбеков,

16. Аймен Касенов,

17. Садык Шер-Нияз

Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында болот.

Ал эми президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышарын 26-октябрда жарыялаган, бирок БШКга арыз бере элек.

Эске сала кетсек, парламенттик шайлоонун шайтан оюнунан улам өлкөдө бийлик алмашкан. Тагырагы, 4-октябрда парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына нааразы болгон 12 партия 5-октябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында митинг өткөргөн. Анын аягы башаламандыкка айланып, Ак үй, УКМК басып алынып, бир топ саясатчылар абактан бошотулган. Алардын арасында Садыр Жапаров да болгон. Ал алгач соттон акталып, үч жолу премьер-министрликке талапкерлиги коюлуп, акырында 90 депутаттын колдоосу менен 34-премьер-министр болуп мыйзамдуу бекитилген (ага чейин кимдер премьер болгонун бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот).

2017-жылы 15-октябрда президент болуп шайланып, 24-ноябрдан баштап кызматка киришкен Сооронбай Жээнбеков мамлекеттин стабилдүүлүгүн, элдин ынтымагын жогору коюп, кагылыштан кан төгүлүп кетүүсүнө жол бербей, 15-октябрда кызматын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, арызын жазып, кызматтан кеткен. Ошол эле күнү кечинде Садыр Жапаров тарапташтарынын алдына чыгып «кош кызматты кошо ала кетерин» жарыя кылгандан бери премьерлик менен катар президенттин да милдетин убактылуу аткарып келатат. Бул маанилүү кызматты 14-ноябрда өткөрүп берерин айткан…

Эгер шайлоого катышам деп кызматын өткөрүп берсе, мыйзам боюнча Жапаров президенттик да, премьерлик да ишти аткарууну токтотот да, өлкө башчысынын милдеттерин убактылуу ЖК төрагасы Талант Мамытов аткарып, ал эми өкмөттү убактылуу биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков жетектеп калат…

А Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда, журналисттерге маалымат жыйынын өткөрөт…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.