Элнура КУЛУЕВА: «Бүгүн Манасыбыз даңкталсын! Башкасын коюп, Манасты ук!»

Элнура КУЛУЕВА: «Бүгүн Манасыбыз даңкталсын! Башкасын коюп, Манасты ук!»
Ошентип күткөн күн келди. Бүгүн, 12-ноябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында манасчы Дөөлөт Сыдыков жалпы элди, ааламды ынтымакка, биримдикке чакырып, 12 саат тынбай (эс албай, тамактанбай, ордунан жылбай, дааратканага да барбай) манас айтат.
Иш-чаранын уюштуруучусу белгилүү, тажрыйбалуу журналист Элнура Кулуева: «Бүгүн Манасыбыз даңкталсын! Башкасын коюп, Манасты айт! Башкасын коюп, Манасты ук! Ищ-чаранын максаты – кыргыздын «Манас» эпосун, манасчылык өнөрдү, анын уникалдуулугун, өзгөчөлүгүн дүйнө жүзүнө жайылтуу жана даңазалоо, элди биримдикке чакыруу. Мисалы, якуттар көмөкөй менен төрт саат 26 секунда ырдап Гиннес китебине киришиптир. Кыргызда жети түн, жети күн же үч түн, үч күн манас айткандар болгон. Ушул уникалдуу өнөрдү, 12 саатпы же 14 саатпы, 130 тилде чыгуучу Гиннес китебине киргизүүнү максат кылып жатабыз. Бүгүн, 12-ноябрда «Урааныбыз — Манас» деп узак сааттарга «Манас» айтылып дүйнөгө жаңырганы турат!»

Жүрөгү КЫРГЫЗ деп соккон, МАНАС деп соккон жалпы мекендештерибиз, четте кайдыгер карап отурбайлы, мындай улут намысы үчүн жасалып жаткан жакшы жаӊылыкты колдойлу! Узакка айтылган манасты кунт коюп угалы!

Гиннес китебине кирген биздикилер…

  • 2018-жылы 11-мартта Бишкекте 1,5 миң килограмм көлөмдө даярдалып, 150 литрлик 12 тай казан орнотулуп жасалган бешбармагыбыз да Гиннес китебине кирген. Аны да Элнура Кулуева уюштурган. 
  • 90 жаштагы кадырлуу аксакал хирургубуз Мамбет Мамакеевдын ысымы узак жылдардан бери үзгүлтүксүз эмгектенип келе жаткан адис катары Гиннес китебине кирген.

Маалымат үчүн, Гиннес китебине киргизилчү рекорддор күнү жыл сайын ноябрдын орто ченинде өткөрүлөт.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.