Күнболот МОМОКОНОВ: «Дөөлөт Сыдыков бүгүн тынбай манас айтат. Ак жол тилейбиз!»

Күнболот МОМОКОНОВ: «Дөөлөт Сыдыков бүгүн тынбай манас айтат. Ак жол тилейбиз!»
Ошентип күткөн күн келди. Бүгүн, 12-ноябрда манасчы Дөөлөт Сыдыков узак саат манас айтат. Манасчыбыз менен кошо биз дагы толкундандык. Белгилүү журналист Күнболот Момоконов да 5 саат мурун «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырды.
— КЫРГЫЗ ЭЛИНИН РУХУ-ДУХУ КӨТӨРҮЛГӨН КҮН БОЛСУН!
Манасчы Дөөлөт Сыдыков бүгүн тынбай Манас айтат. Алынын келишинче узак айтат. Манасты узак убакыт айтып, гиннестин китебине катталуу ниети күч. Ак жол тилейбиз!
Бул күн кыргыз эли үчүн руху-духу көтөрүлгөн, ынтымагы бекемделген, кайратына келген күн болсун!
Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов: «Манас-кыргыз рухунун туу чокусу»-деп жөн эле айтпаса керек.
Дүйнөдө Манаска тең келчү бир дагы эпос жок. Анын теңдешсиз экенин ушундан билүү керек, Саякбай, Сагынбай аталарыбыз Манас айтканда үч күн, үч түндөп айткан экен.
Саякбай Каралаев атабыз, ал күндөрүн минтип эскергени бар: «Манасты айтуу күн чыгып чамгаракка илингенде башталып, чак түштө бир саатка тыным болот. Андан кийин уланып, күндүн нурлары чамгарактан күн чыгыш жаккы учуна илингенде токтолот. Ошентип, жайдын толук күндөрүндө эртеден кечке тынбай «Манас» айтып, анын башынан аягына 22-23 күндө чыгып жүрдүм«.
Бул кыргыз Элине гана таандык сапат, мындай чыгарманы кыргыздар гана жарата алышкан.
Бүткүл дүйнөнү акыл-эс, илим-билими менен багынткан Жапон элинин журналисти Накамура кыргыз манасчыларын көрүп: «Мээсине миңдеген сапты эстеп калган манасчылардын таланты компьютердик система сыяктуу экен» деп таң калганы бар.
Манасчы Дөөлөт Сыдыков мына ошол улуу жолду улап, бабалардан калган баалуу табериктен рухту, дөөлөттү, намысты көтөрүп, ынтымакты, биримдикти чакырып, кыргызга кут уялатканы турат!
Барандуу ишиң байсалдуу болсун, Дөөлөт!

БАКАЙ АТАнын батасы: «Ыйык тут Манас ордосун, Оомийин Кудай колдосун!»

Улуу муун кыргыз жигиттери бир жакка аттанганда ак батасын берген. Манасчыбыз Дөөлөт Сыдыковго БАКАЙ Атанын ак батасын берип коелу.

 Айтулуу шумкар көздүү бол,

Адам таппас сөздүү бол.

Байсалдуу артык үзүлбөс,

Бак баштаган күчтүү бол.

Балага балтыр бешик бол,

Бакытка ачык эшик бол.

Улууну сыйлап жетик бол,

Кичүүгө өмүр кешик бол.

Аккан суунун шары бол,

Балбандардын алы бол.

Оорулууга дары бол,

Опол тоодой кары бол.

Кыдыр болсун жолдошуң,

Кыйың күн башта болбосун.

Ыйык тут Манас ордосун,

Оомийин Кудай колдосун!»

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.