Садыр Жапаров шайлоо мыйзамдарына кол койду. №2 форма менен добуш берүү жоюлду

Садыр Жапаров шайлоо мыйзамдарына кол койду. №2 форма менен добуш берүү жоюлду

Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров кечээ, 11-ноябрда «Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду.

Ага ылайык, парламентке өтүүнүн шайлоо босогосу азыркы жети пайыздан үчкө, шайлоо күрөөсү беш миллион сомдон бир миллион сомго ылдыйлатылды. Ошондой эле Кыргызстандын ичинде №2 форма менен добуш берүү ыкмасы жоюлду. Мындай документ менен чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар гана добуш бере алат. Андан тышкары, президенттик жана парламенттик шайлоого катышкан талапкерлер шайлоочулардын бир пайызынын добушун алса, шайлоо күрөөсүн кайтарып алат. Мурда ал беш пайыз болчу.

Сөз болуп жаткан мыйзамды Жогорку Кеңеш 22-октябрда кабыл алып, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго кол коюу үчүн жиберилген.

Эске сала кетсек, 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Андагы жапырт добуш бурмалоого эл каршы чыгып, 5-октябрдан тартып өлкөдө ири нааразылык акциялары башталган. БШК анын баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарып, Кыргызстанда бийлик алмашкан.

Шайлоо босогосун, күрөөнү азайтуу жана №2 форма менен добуш берүү ыкмасын жокко чыгаруу маселеси 4-октябрдагы парламенттик шайлоо алдында бир топ жолу көтөрүлгөн. Шайлоодон кийинки тополоңдо бул талап күчөгөн.

Президент болом дегендердин саны канчага жетти?

Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышарын 26-октябрда жарыялаган, бирок БШКга арыз бере элек. Ошондой эле ал президенттин милдетин аткаруучу кызматын 14-ноябрда өткөрүп берерин айткан.

БШКнын айтымында, президенттикке ат салышам дегендердин саны 16га жеткен. Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев, Назарбек Нышанов, Кубан Чороев, Бектур Асанов, Бакыт Бакетаев, Канатбек Исаев, Абыкаар Сыдыков, Сазыкбай Турдумалиев, Нурлан Мотуев, Рашид Тагаев, Жеңишбек Байкуттиев, Клара Сооронкулова, Кубанычбек Кадыров, Азамат Эсенбеков, Аймен Касенов. БШКга расмий арыз тапшырышкан. Шайлоого катышарын экс-депутат Садык Шер-Нияз да билдирген.

Жапаров жыйын өткөрөт

Бүгүн, 12-ноябрда Садыр Жапаров ММКга жыйын өткөрөт. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Алардын айтымында, жыйынга 86 республикалык жана чет өлкөлүк ЖМКдан 148 журналист катталган. Жыйын КТРКдан жана республикалык телеканалдар аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.