ВИДЕО — Финпол Тайырбек Сарпашевдин үйүн тинтүүгө алды. Ал: «калп айткандарды жаман көрөм» дейт.

ВИДЕО — Финпол Тайырбек Сарпашевдин үйүн тинтүүгө алды. Ал: «калп айткандарды жаман көрөм» дейт.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы (Финпол) мурдагы вице-премьер-министр,  Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Тайырбек Сарпашевдин үйүн бүгүн, 12-ноябрда, тинтүүгө алган. Бул тууралуу «Спутник», «Репортер» сайттары жазып чыкты. «Спутник» сайтынын видеосун (https://t.me/sputnik_kyrgyzstan_kg/3796) көрүӊүз.

Тайырбек САРПАШЕВ: «Менин Токтогулда гана жерим бар, шаарда жерим жок»

Эске сала кетсек, 2017-жылы Башкы прокуратура Тайырбек Сарпашевге Максим Бакиевдин Скрябин 45 көчөсүндөгү жер тилкеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал боюнча комиссия түзүлүп, Тайырбек Дүйшекеевич Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси кызматынан убактылуу өз каалоосу менен кеткен. Ошол учурда ага бир топ суроолор менен кайрылып маек курганбыз. Андагы маекти бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот.

Баса…

Тайырбек Сарпашев ушул жылдын 5-октябрынан 6-октябрына караган түнү митингде сабалган. Андагы сабалган саясатчыларды «Говори ТВ» тарткан видеодон көрсөӊүз болот.

Эске сала кетсек, парламенттик шайлоонун шайтан оюнунан улам өлкөдө бийлик алмашкан. Тагырагы, 4-октябрда парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына нааразы болгон 12 партия 5-октябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында митинг өткөргөн. Анын аягы башаламандыкка айланып, Ак үй, УКМК басып алынып, бир топ саясатчылар абактан бошотулган. Алардын арасында Садыр Жапаров да болгон. Ал алгач соттон акталып, үч жолу премьер-министрликке талапкерлиги коюлуп, акырында 90 депутаттын колдоосу менен 34-премьер-министр болуп мыйзамдуу бекитилген (ага чейин кимдер премьер болгонун бул жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот).

2017-жылы 15-октябрда президент болуп шайланып, 24-ноябрдан баштап кызматка киришкен Сооронбай Жээнбеков мамлекеттин стабилдүүлүгүн, элдин ынтымагын жогору коюп, кагылыштан кан төгүлүп кетүүсүнө жол бербей, 15-октябрда кызматын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, арызын жазып кызматтан кеткен. Ошол эле күнү кечинде Садыр Жапаров тарапташтарынын алдына чыгып «кош кызматты кошо ала кетерин» жарыя кылгандан бери премьерлик менен катар президенттин да милдетин убактылуу аткарып келатат. Бул кызматты 14-ноябрда өткөрүп берерин айткан…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.