ВИДЕО — Манасчы Дөөлөт Сыдыков бир ыйлап, бир басылып манас айтууда… Жүрөк дүкүлдөйт…

ВИДЕО — Манасчы Дөөлөт Сыдыков бир ыйлап, бир басылып манас айтууда… Жүрөк дүкүлдөйт…
Ошентип күткөн күн келип, бүгүн, 12-ноябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтына айнектен жасалган боз үй тигилип, акустикалык аппараттар коюлду. Боз үйдүн ичине манасчы Дөөлөт Сыдыков отуруп, таӊкы саат 9:43төн бери жалпы элди, ааламды ынтымакка, биримдикке чакырып, бир ыйлап, бир басылып манас айтууда…  Жүрөк дүкүлдөйт…
Манасчыбыз 12 саат тынбай (эс албай, тамактанбай, ордунан жылбай, дааратканага да барбай) манас айтат. Мындай иш-чаранын уюштуруучусу, белгилүү, тажрыйбалуу журналист Элнура Кулуеванын айтымында, ушундай уникалдуу өнөрдү, 12 саатпы же 14 саатпы, 130 тилде чыгуучу Гиннес китебине киргизүүнү максат кылышууда.
Бу жерден ВИДЕОну көрүӊүз! Түз эфир Элдик Медиа, Азия Тв, ЭлТР, КТРК телеканалдарынан чагылдырылып жатат.

Жүрөгү КЫРГЫЗ деп соккон, МАНАС деп соккон жалпы мекендештерибиз, четте кайдыгер карап отурбайлы, мындай улут намысы үчүн жасалып жаткан жакшы жаӊылыкты колдойлу! Узакка айтылган манасты кунт коюп угалы!

Гиннес китебине кирген биздикилер…

  • 2018-жылы 11-мартта Бишкекте 1,5 миң килограмм көлөмдө даярдалып, 150 литрлик 12 тай казан орнотулуп жасалган бешбармагыбыз да Гиннес китебине кирген. Аны да Элнура Кулуева уюштурган. 
  • 90 жаштагы кадырлуу аксакал хирургубуз Мамбет Мамакеевдын ысымы узак жылдардан бери үзгүлтүксүз эмгектенип келе жаткан адис катары Гиннес китебине кирген.

Маалымат үчүн, Гиннес китебине киргизилчү рекорддор күнү жыл сайын ноябрдын орто ченинде өткөрүлөт.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.