Журналист Кудрет Тайчабаров кайсы кызматка барды?

Журналист Кудрет Тайчабаров кайсы кызматка барды?

Журналист Кудрет Тайчабаров «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын башкы директору болуп барганын бүгүн, 12-ноябрда биздин редакцияга (alakan.biz) ишеничтүү булактар билдирди. Кудрет Тайчабаров менен байланышууга мүмкүнчүлүк болбой жатат.

Буга чейин кимдер жетектеген?

Буга чейинки жетекчиси Дүйшөн Ирсалиев президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаровдун буйругу менен ээлеген кызматынан (28-октябрда) бошотулган.

Эмил Ибраимов (1996-2008-ж.ж.) ,

Азим Исабеков (2008-жылдан 2010-жылга чейин),

Албек Ибраимов (2010-жылдан 2011-жылга чейин),

Андан кийин бул кызматты кыска мөөнөт Мирбек Асанакунов, Бактыбек Кунаев жетектеген.

Орозбек Нусувалиев (2012-жылдан 2015-жылга чейин),

Дүйшөн Ирсалиев (2016-жылдан 2020-жылдын 28-октябрына чейин) башкарган.

Маалымат үчүн айта кетсек, «Бишкек» эркин экономикалык аймагы «Манас» эл аралык аэропорту жактагы Ак-Чий аянтында жайгашкан, анын аянты 203,09 гектарды түзөт. Кийин ага Бишкектеги «ВДНХ» жактан 43 гектар, Кара-Балта шаарынан 100 гектар кошулган. Ошондо жалпы аянты 346,09 гектарды түзөт.

Мирзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.