Президенттик шайлоого катышууга 25 адам арыз берип, бири арызын кайтарып алды. Ал ким?

Президенттик шайлоого катышууга 25 адам арыз берип, бири арызын кайтарып алды. Ал ким?

Президенттик шайлоого катышууга 25 адам БШКга арыз менен кайрылып, бири арызын кайра кайтарып алды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы бүгүн, 13-ноябрда, билдирди.

БШКга расмий арыз тапшыргандардын тизмеси булар:

1. Адахан Мадумаров,

2. Арстанбек Абдылдаев,

3. Назарбек Нышанов,

4. Кубан Чороев,

5. Бектур Асанов,

6. Бакыт Бакетаев (арызын кайра кайтарып алды),

7. Канатбек Исаев,

8. Абыкаар Сыдыков,

9. Сазыкбай Турдумалиев,

10. Нурлан Мотуев,

11. Рашид Тагаев,

13. Жеңишбек Байкуттиев,

13. Клара Сооронкулова,

14. Кубанычбек Кадыров,

15. Азамат Эсенбеков,

16. Аймен Касенов,

17. Садык Шер-Нияз,

18. Асланбек Малиев,

19. Үрүстөм Кабылбеков,

20. Илгиз Товкеев ,

21. Бактыбек Калмаматов,

22. Жамбыл Камчиев,

23. Мыктыбек Арстанбек,

24. Токтайым Уметалиева,

25. Элеонора Турдубекова

Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында болот.

Айтмакчы, президенттин милдетин убактылуу аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышарын 26-октябрда жарыялаган, бирок БШКга арыз бере элек.

Эске сала кетсек, парламенттик шайлоонун шайтан оюнунан улам өлкөдө бийлик алмашкан. Тагырагы, 4-октябрда парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына нааразы болгон 12 партия 5-октябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында митинг өткөргөн. Анын аягы башаламандыкка айланып, Ак үй, УКМК басып алынып, бир топ саясатчылар абактан бошотулган. Алардын арасында Садыр Жапаров да болгон. Ал алгач соттон акталып, үч жолу премьер-министрликке талапкерлиги коюлуп, акырында 90 депутаттын колдоосу менен 34-премьер-министр болуп мыйзамдуу бекитилген (ага чейин кимдер премьер болгонун бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот).

2017-жылы 15-октябрда президент болуп шайланып, 24-ноябрдан баштап кызматка киришкен Сооронбай Жээнбеков мамлекеттин стабилдүүлүгүн, элдин ынтымагын жогору коюп, кагылыштан кан төгүлүп кетүүсүнө жол бербей, 15-октябрда кызматын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, арызын жазып, кызматтан кеткен. Ошол эле күнү кечинде Садыр Жапаров тарапташтарынын алдына чыгып «кош кызматты кошо ала кетерин» жарыя кылгандан бери премьерлик менен катар президенттин да милдетин убактылуу аткарып келатат. Бул кызматты 14-ноябрда өткөрүп берерин айткан эле…

Эгер өткөрүп берсе, өлкө башчысы кызматын убактылуу ЖК төрагасы Талант Мамытов аткарып калат…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.