Тикесинен тик туруп, уулуна сарсанаа болгон манасчы Дөөлөт Сыдыковдун апасына алкыш айтабыз!

Тикесинен тик туруп, уулуна сарсанаа болгон манасчы Дөөлөт Сыдыковдун апасына алкыш айтабыз!

Кечээ, 12-ноябрда, Бишкектеги Ала-Тоо аянтында манасчы Дөөлөт Сыдыков Гиннестин рекорддор китебине кирүү максатында 14 саат 27 мүнөт (эртең мененки саат 9:42де баштап, кечки саат 00:27де жыйынтыктады) тынбай (эс албай, тамактанбай, суу ичпей) манас айтып көздөлгөн ийгиликти камсыз кылды. Ал айнектен жасалган чакан боз үй ичинде төгүлүп манас айтып жатканда, аны колдоп шаар тургундары, бир топ чыгармачыл адамдар сыртта «Манас!» деп ураан чакырып турушту. Алардын арасында тикесинен тик туруп, бар санаа-тилеги менен баласына колдоп, коргоп манасчынын алтындай апасы да бар эле. Ааламга кыргыз элин таӊданта даӊаза кылган Дөөлөттөй өнөрлүү уулду жарык дүйнөгө алып келген Мейрамгүл апабызга алкыш жана таазим!

Манасчынын апасы 12, чоң энеси 33 баланы жарык дүйнөгө алып келген

Дөөлөт Сыдыковдун апасы Мейрамгүл Сыдыкова 74 жашта. 1946-жылы туулган апабыз Баатыр эне, 12 бала төрөгөн. 12 бир туугандын тогузунчусу — манасчы уулу Дөөлөт Сыдыков. Дөөлөт 1983-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Шор-Булак айылында туулган. Атын Дөөлөтбек деп ыраматылык атасы койгон экен. Атасы Качкын Сыдыковдун көзү тирүү (2006-жылы көзү өткөн) болгондо, быйыл 79 жашка чыгып, ушул тарыхтагы улуу күнү колдоп-сүрөп аянтта турмак экен. Айтмакчы, Дөөлөттүн атасы, чоң аталары да манас айтышкан. Чоң апасы болсо, эгиздерди (үч эм, төрт эм) төрөп, 33 баланы жарык дүйнөгө алып келиптир…

Мына, кечээ ааламды жаӊырта манас айтып, аалам таӊкалган рекордду койгон манасчыбыз ушундай касиеттүү үй-бүлөдөн…

Гиннес китебине кирген биздикилер…

  • 2018-жылы 11-мартта Бишкекте 1,5 миң килограмм көлөмдө даярдалып, 150 литрлик 12 тай казан орнотулуп жасалган бешбармагыбыз да Гиннес китебине кирген. Аны да Элнура Кулуева уюштурган. 
  • 90 жаштагы кадырлуу аксакал хирургубуз Мамбет Мамакеевдын ысымы узак жылдардан бери үзгүлтүксүз эмгектенип келе жаткан адис катары Гиннес китебине кирген.

Маалымат үчүн, Гиннес китебине киргизилчү рекорддор күнү жыл сайын ноябрдын орто ченинде өткөрүлөт.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы 

 

2 thoughts on “Тикесинен тик туруп, уулуна сарсанаа болгон манасчы Дөөлөт Сыдыковдун апасына алкыш айтабыз!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.