Ырыс ОКЕНОВА: «Азат байке, манасчы Дөөлөттүн берген батасы кабыл болсун!»

Ырыс ОКЕНОВА: «Азат байке, манасчы Дөөлөттүн берген батасы кабыл болсун!»

Кечээ, 12-ноябрда, Бишкектеги Ала-Тоо аянтында манасчы Дөөлөт Сыдыков Гиннестин рекорддор китебине кирүү максатында 14 саат 27 мүнөт (эртең мененки саат 9:42де баштап, кечки саат 00:27де жыйынтыктады) тынбай (эс албай, тамактанбай, суу ичпей) манас айтып рекорд койду. Транска кирип, айтылуу Тайторудай бара-бара кызып чабагандап манас айткан манасчыны кучактап токтотушуп, сыртка сүйөп алып чыгышканда, ал суукка карабай, сыртта колдоп турган адамдарды алкап, демөөрчү болгон Азат Исакуновго, иш-чараны уюштурган Элнура Кулуевага жана Аманбол Бабакуловго ыраазычылыгын билдирип, батасын берди.

Бүгүн, 13-ноябрда болсо, Дөөлөт Сыдыковдун жубайы Ырыс Окенова «Фейсбуктагы» баракчасына демөөрчүгө ыраазычылык билдирген билдирүү калтырды.

 «Гиннес рекорддор китебине узак убакытка тынбай Манас айтып катталуу боюнча иш-чараны колдоого алып демөөрчү болгон Азат Исакуновго ыраазычылык билдиребиз. Ар дайым элдик иш кылып, эл үчүн кызмат кылып келген чыныгы эл уулунун Манасчынын бирден-бир максатын ишке ашырууга көмөкчү болгонуна ырахматымды айтам. Манасты дүйнөгө даңазалап, Манасчы деген өзгөчө касиет кармаган адамдын элге сыймык алып келишине чын дилинен колдоду. Азат байке, көп жашаңыз, өмүрлүү болунуз. Манасчы Дөөлөттүн берген батасы кабыл болсун. Сиз дагы көпчүлүккө үлгү болчу сыймыктуу уулусуз!«, — деп жазган режиссер Ы.Окенова.

Бактылуу үй-бүлө

«Азаматтын ак таңы — алган жары, өмүрүн улап турган балдары» дегендей, Дөөлөт Сыдыковду артында жөлөп-таяп, сүрөп турган жубайы белгилүү режиссер Ырыс Окенова жана балдары — Эрболот, Байнур, Каган, Адеми.

Манасчы Дөөлөт Сыдыковду жарык дүйнөгө алып келген апасы тууралуу бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.