МАЕК — Турсунбай БАКИР уулу: «Акаевге атаандаш эки аксакал бар” деп Ак үйдүн билермандары шайлоодон сүрүп чыгышкан»

МАЕК — Турсунбай БАКИР уулу: «Акаевге атаандаш эки аксакал бар” деп Ак үйдүн билермандары шайлоодон сүрүп чыгышкан»

2021-жылдын 10-январына белгиленген президенттик шайлоого катышуу үчүн 35 талапкер (азырынча, бүгүн да тапшырышат, себеби, документ тапшыруу боюнча акыркы күн) БШКга арызын тапшырды.  Алардын арасында ажы Турсунбай Бакир уулу да бар.

Турсунбай Бакир уулу президенттикке талапкерлигин тээ Аскар Акаевдин бийлигинен бери  коюп келаткан таалыкпас талапкерлерден. 2017-жылдагы президенттик шайлоого да катышам деп чыгып, анын алдында ажы менен журналист Назира Саалиева маектешкен эле. Анда ал Аскар Акаев, Өмүрбек Текебаев, Дүйшөн Чотонов, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов, Турсунбек Акун жана маркум Чубак ажы Жалилов тууралуу айтып берген экен. Андагы кызыктуу маекти бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот.

«Старик Ванга» атыккан Бакыт Бакетаев баш тартты…

35 талапкер БШКга арыз менен кайрылып, анын бири, болочок президент ким болорун айта калган айрым божомолдору туура чыгып «старик Ванга» атыккан Бакыт Бакетаев, төлгөсү төп келбей калганбы же башка себеби барбы, айтор, арызын кайтарып алган…

Калган 35 талапкер кимдер десеӊиз, ал тизме өзүнчө кызык:

1. Адахан Мадумаров,

2. Арстанбек Абдылдаев,

3. Назарбек Нышанов,

4. Кубан Чороев,

5. Бектур Асанов,

6. Канатбек Исаев,

7. Абыкаар Сыдыков,

8. Сазыкбай Турдумалиев,

9. Нурлан Мотуев,

10. Рашид Тагаев,

11. Жеңишбек Байкуттиев,

12. Клара Сооронкулова,

13. Кубанычбек Кадыров,

14. Азамат Эсенбеков,

15. Аймен Касенов,

16. Садык Шер-Нияз,

17. Асланбек Малиев,

18. Үрүстөм Кабылбеков,

19. Илгиз Товкеев,

20. Бактыбек Калмаматов,

21. Жамбыл Камчиев,

22. Мыктыбек Арстанбек,

23. Токтайым Үмөталиева,

24. Элеонора Турдубекова,

25. Медер Болгомбаев;

26. Анар Зарипова;

27. Куттуумидин Базаркулов;

28. Бакыт Романов;

29. Турсунбек Жумабеков;

30. Эрбол Токтогулов;

31. Карагач Исмаилова;

32. Марат Кайыпов;

33. Имамидин Ташов;

34. Турсунбай Бакир уулу;

35. Курсан Асанов…

Баса, президенттин милдетин убактылуу аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышарын 26-октябрда жарыялаган, бирок алигүнчө БШКга арыз бере элек болчу. Угушубузча, бүгүн бир аз убакыт мурдараак, тагырагы, эртең мененки саат 10:00дө тийиштүү документтерин тапшырган. Бирок президенттик ыйгарым укуктарын өткөрүп бербегендиктен жана премьерлик укуктарын али токтото элек болгондуктан, документтер «толук эмес» деген шылтоо менен артка кайтарып алынган. А бүгүн болсо, президенттикке талапкерлигин көрсөтүп арыз таштай турган акыркы күн…

Эске сала кетсек, парламенттик шайлоонун шайтан оюнунан улам өлкөдө бийлик алмашкан. Тагырагы, 4-октябрда парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына нааразы болгон 12 партия 5-октябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында митинг өткөргөн. Анын аягы башаламандыкка айланып, Ак үй, УКМК басып алынып, бир топ саясатчылар абактан бошотулган. Алардын арасында Садыр Жапаров да болгон. Ал алгач соттон акталып, үч жолу премьер-министрликке талапкерлиги коюлуп, акырында 90 депутаттын колдоосу менен 34-премьер-министр болуп мыйзамдуу бекитилген (ага чейин кимдер премьер болгонун бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот).

2017-жылы 15-октябрда президент болуп шайланып, 24-ноябрдан баштап кызматка киришкен Сооронбай Жээнбеков мамлекеттин стабилдүүлүгүн, элдин ынтымагын жогору коюп, кагылыштан кан төгүлүп кетүүсүнө жол бербей, 15-октябрда кызматын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, арызын жазып кызматтан кеткен. Ошол эле күнү кечинде Садыр Жапаров тарапташтарынын алдына чыгып «кош кызматты кошо ала кетерин» жарыя кылгандан бери премьерлик менен катар президенттин да милдетин убактылуу аткарып келатат. А бүгүн — 14-ноябрда бул эки кызматты теӊ өткөрүп бериши керек…

Эгер өткөрүп берсе, мыйзам боюнча президенттик да, премьерлик да ишти аткарууну токтотуп, өлкө башчысы милдеттерин убактылуу ЖК төрагасы Талант Мамытов аткарып, ал эми өкмөттү убактылуу биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков жетектеп калат…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.