ВИДЕО — 14 саат манас айткан Дөөлөт Сыдыковдун манастан кийинки абалы жана батасы

ВИДЕО — 14 саат манас айткан Дөөлөт Сыдыковдун манастан кийинки абалы жана батасы

14 саат 27 мүнөт тынбай (эс албай, тамактанбай, суу ичпей, элди биримдикке, ынтымакка чакырып) манас айтып рекорд койгон Дөөлөт Сыдыков «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй билдирүү калтырды:

Баарыңыздарга ыраазычылык билдирем. Жараткан жакшылыгын аябасын сиздерден. Бабалар колдосун, элге кут орносун!

Оо, Жараткан ыраазычылыгым чексиз. Айкөл Манас ата касиетиңизге таазим. Кадырлуу Кыргыз элиме алкыш. Улутум кыргыз, урааным Манас! Манас! Манас! Аянттан жаңырган Манас ыры, ааламды аралады. Жаратылыш жаан менен кар менен коштоду…

Ушундай жакшы ишке, улуу ишке себепкер болуп баштан аяк каржылаган Азат Исакунов агама ыраазычылык билдирем. Жараткан оомат берсин, өрнөктүү өмүр сүрүп көп жашаңыз. Манас ата баш болгон улуу кайып пирлер колдоп жүрсүн, ата-бабаларыңыздын арбагы күчтөнүп нурлуу болсун. Тукумуңуз өсүп-өнүп эл багаар, намыска жараар уул-кыздар көп чыксын. Сиздей уулду тарбиялап өстүргөн, эрезеге жеткирген ата-энеңизге миң алкыш жана ыраазычылык билдирем. Азат байке, бар болуңуз. Зоболоңуз бийик болсун, касиетиңиз улук болсун!

Ушундай касиеттүү баланы жарык дүйнөгө алып келген алтын апасын бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот.

Белгилей кетсек, 12-ноябрда, Бишкектеги Ала-Тоо аянтында манасчы Дөөлөт Сыдыков Гиннестин рекорддор китебине кирүү максатында 14 саат 27 мүнөт (эртең мененки саат 9:42де баштап, кечки саат 00:27де жыйынтыктады) тынбай (эс албай, тамактанбай, суу ичпей) манас айтып рекорд койду. Транска кирип, айтылуу Тайторудай бара-бара кызып чабагандап манас айткан манасчыны кучактап токтотушуп, дарыгерлер абалын текшеришкен. Аны бу жердеги ВИДЕОдон көрсөӊүз болот.

Кечээ, 13-ноябрда, манасчыбызды президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров кабыл алып, ыраазычылыгын билдирип, баалуу белектерин тапшырган. Жолугушууну бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот.

Гиннес китебине киргендер…

  • 2018-жылы 11-мартта Бишкекте 1,5 миң килограмм көлөмдө даярдалып, 150 литрлик 12 тай казан орнотулуп жасалган бешбармагыбыз да Гиннес китебине кирген. Аны да Элнура Кулуева уюштурган. 
  • 90 жаштагы кадырлуу аксакал хирургубуз Мамбет Мамакеевдын ысымы узак жылдардан бери үзгүлтүксүз эмгектенип келе жаткан адис катары Гиннес китебине кирген.

Маалымат үчүн, Гиннес китебине киргизилчү рекорддор күнү жыл сайын ноябрдын орто ченинде өткөрүлөт.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.