ПРЕЗИДЕНТТИК АППАРАТ: «1-декабрдан баштап пенсия 65 пайызга көтөрүлөт» деген маалымат жалган»

ПРЕЗИДЕНТТИК АППАРАТ: «1-декабрдан баштап пенсия 65 пайызга көтөрүлөт» деген маалымат жалган»

Бүгүн, 15-ноябрда,  Президенттик Аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү «1-декабрдан баштап пенсия 65 пайызга көтөрүлөт» деген маалыматты четке кагып төгүндөдү.

Алардын айтымында, мындай маалымат жалган, чындыкка дал келбейт. Социалдык фонд пенсияны 7 пайызга көтөрүүнү пландап жатат. Ал үчүн бюджеттен 3 миллиард сом өлчөмүндө каражат талап кылынат.

Эске сала кетсек, кечээ, 14-ноябрда «Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров 2020-жылдын 1-декабрынан тартып пенсияны 65 пайызга — 5723 сомдон 9 443 сомго көтөрүү жөнүндө Жарлыкка кол койду» деген маалымат Интернетке тарап кеткен жана дале бөлүшүп таркатылып жатат.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.