ВИДЕО — Атамбаевдин кызы Алия бүгүн атасын колдоо митинги өтөрүн айтса, кайын энеси…

ВИДЕО — Атамбаевдин кызы Алия бүгүн атасын колдоо митинги өтөрүн айтса, кайын энеси…

Бүгүн, 16-ноябрда, эски аянтта экс-президент Алмазбек Атамбаевди колдоо митинги өтөөрүн кызы Алия Шагиева «Инстаграм» баракчасына жазды.

Анда ал атасы абакта мыйзамсыз отурганын, эртеби-кечпи адилеттүүлүк орноорун баса белгилеген. Сот отурумдары жабык эшик артында өтүп жатканына нааразы болуп, акыйкат сотту талап кылышаарын, атасына кайдыгер карабагандарды колдоп берүүсүн өтүнгөн.

Атамбаевдин эгиз кыздары…

Алия Шагиева Алмазбек Атамбаевдин экинчи никеси Раиса Атамбаевадан көргөн кызы. Биринчи никесинен (Бүажар аттуу жубайынан) эки уул (Сейитбек менен Сейтек), эгиз кыздары (Диана, Динара) бар.

Алмазбек Атамбаевдин мурунку кайын энеси Гүласал Теңизбаева журналист Назира Айтбековага (быйыл июнь айында) кызыктуу маек куруп берген. Анда Гүласал апа күйөө баласы Алмазбек Атамбаев жана неберелери тууралуу кенен айтып бериптир, аны төмөндөгү ВИДЕОдон көрүңүз.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев 6 жыл Кыргызстанды башкарып, 2017-жылы тынчтык жолу менен андагы досу Сооронбай Жээнбековго өткөрүп берген.

Эске сала кетсек, кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча иштин алкагында Атамбаевди кармоо операциясы 2019-жылдын августунда болгон. Анда УКМК офицери Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, 175 адам ар кыл жаракат алышкан. Бул иш боюнча 19 киши айыпталып, 14үнүн иши сотко өткөн. Айыпталуучуларга Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» жана «Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук», «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу», «Барымтага алуу» беренелери боюнча кине коюлган…

Ал эми Батукаевдин иши боюнча Алмазбек Атамбаев 11 жылга эркинен ажыратылган. Ал учурда Бишкектеги №47 абакта кармалууда. Ага чейин УКМКнын тергөө абагында кармалып, андан №1 тергөө абагына которулуп, кайра  27-октябрда  47-колонияга алынып келинген болчу. Ал жактан экс-президенттин түрмө короосунда башка абактагылар менен сүйлөшүп турганын сүрөткө тартып алышып, ал социалдык тармактарга тарап талкууга түшкөн…

Көп узабай Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы ал сүрөт 5-ноябрда тартылганын, кимдер тартып алганын, Алмазбек Атамбаевди кайсы учурда тартып алышканын аныктадык деп төмөндөгүдөй түшүндүрмө беришкен: ал  сүрөт 5-ноябрда тартылып алынган; Алмазбек Атамбаев №47 түзөтүү абагында кечки текшерүүдөн кийин (болжолду саат 16:10 чамасында) башка соттолуучулар менен сүйлөшүп турган;  сүрөт боюнча текшеришкенде, 1994-жылы туулган К.Б. аттуу 30 жылга кесилген соттолуучудан чөнтөк телефон табылган; сүрөттү тартууга 1996-жылы туулган А.у.Д. аттуу 17 жылга кесилген соттолуучунун да тиешеси бар болгон; №47 түзөө абагынын администрациясы Жазык-аткаруу кодексинин 118-беренесинин 3-пунктун жана мекеменин ички тартип эрежесинин 193-беренесин негиз кылып бул 2 соттолуучуну он беш суткага айып изоляторуна камашкан…

Бирок Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейит Атамбаев атасынын абактагы сүрөтүнүн интернетке жарыяланышы атайын жасалганын, соттолуучулардын таратканына ишенбестигин билдирип “Фейсбуктагы” баракчасына: “Кечээ атамдын №47 абактагы сүрөтүн жарыялашты. Сүрөттү соттолуучулардын бири таркаткан имиш. Бирок мен буга ишенбейм. Бул — мурдагы президентти эл алдында кемсинтүү аракети. Убакыт жана тарых баарын ордуна коёт. Менин атам ар дайым кайраттуулугу менен айырмаланып келген” деп жазып чыккан эле…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.