Жедигер СААЛАЕВ: «Досубуз Тилек Мураталиев бильярд оюнунун чебери, анык күйөрманы эле…»

Жедигер СААЛАЕВ: «Досубуз Тилек Мураталиев бильярд оюнунун чебери, анык күйөрманы эле…»

Эсен болуп, эстей жүр! 

“Турар” басмаканасынын негиздөөчүсү, “Даңк” медалынын ээси, маркум Тилек Мураталиевдин көзү тирүү болгондо бүгүн, 16-ноябрда 60 жашка чыкмак. Маркумдун жаркын элесине арналган бильярд боюнча эл аралык биринчи турнир өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу турнирдин башкы калысы, спорттук баяндамачы Кабыл Макешов билдирди.

Анын айтымында, кыргыз элинин сыймыктуу уулу, китеп басма тармагынын чыгаан адиси, Кыргызстандагы китеп чыгаруунун флагманы болуп калган “Турар” басмасынын негиздөөчүсү, Кыргызстан Улуттук жазуучулар союзунун жооптуу катчысы, меценат Тилек Мураталиевдин жаркын элесине арналган бильярд боюнча эл аралык биринчи турнир Бишкек шаарындагы “Золотой Теленок” бильярд клубунда (16-ноябрда) өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды.

Мелдешке Кыргызстан жана Казакстандан тандалган 18 бильярд чебери катышып, 8 саат таймашуу болгон. Жыйынтыгында баш байгени кыргызстандык жеке ишкер Авалкан Орунбаев жеңип алып, Кубок, Диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланган.

1-орунду Бишкектик журналист Төлөгөн Сулайманов ээ болуп, биринчи даражадагы диплом жана акчалай сыйлыкка ээ болду.

2-орунду Бишкектик, отставкадагы полковник Идирисбек Мураталиев камсыз кылып, экинчи даражадагы дипломдун жана акчалай сыйлыктын ээси болду.

3-орун казакстандык ишкер Куат Иманалиевге ыйгарылып, ага үчүнчү даражадагы диплом жана акчалай сыйлык тапшырылды.

Жеңүүчүлөргө сыйлыктарды турнирди уюштуруу тобунун төрагасы,юридика илимдеринин кандидаты, Тилектин жакын досу, акын, журналист Жедигер Саалай жана “Турар” басмасынын директорунун орун басары, Тилек Мураталиевдин иниси Улан Мураталиев тапшырды.

Мелдешке казак боордоштор да катышты…

— Досубуз Тилек бильярд оюнунун чебери, анык күйөрманы эле. Шарларды катуу урбай, чеберчилик менен акырын тоголотчу. Айрыкча “өздүк” шарларды бөтөнчө көркөмдүк менен киргизип атып, атаандашын утуп алар эле. Кээде бильярд клубдарынан башка командалар менен беттешип, же аралаш ойноп калчубуз. Көбүнчө экөөбүз бир болчубуз. Айрыкча Тилектин казак досторунун командасы биз үчүн күчтүү атаандаш эле. Казакстандын Бишкекке коңшу Кордой районунун экс-акими, коомдук ишмер, бизнеси боюнча Тилекке кесиптеш Куат Иманалиев, бильярд чебери Малик баштаган атаандаштар менен курч таймашуулар болчу. Бүгүнкү мелдешке да Куат досу баштаган казак боордоштордун катышканы Тилекти урматтап, сыйлаганы. Бул турнирди ар жыл сайын Тилек Мураталиевдин туулган күнү өткөрүп турууну демилгелеп жатабыз, -дейт мелдешти уюштуруу тобунун төрагасы Жедигер Саалай.

Кабыл МАКЕШОВ: «Тилек ар жылы жүздөгөн калемгерлердин китептерин жарыкка чыгарып турган»

— “Даңк” медалынын ээси, маркум Тилек Мураталиев көзү тирүү болсо 16-ноябрда 60 жашка чыкмак.  Тилек “Турар” басма үйүн негиздеп, өлкөдөгү эң алдыңкы басмаканага айлантып, ар жылы жүздөгөн калемгерлердин китептерин жарыкка чыгарып, айрымдарга жеңилдик берип турган. Эгемен өлкөбүздүн адабиятында жаңы толкун пайда кылып, жаш таланттардын тушоосун кесүү максатында Тилек Мураталиев “Арча” адабий сыйлыгын да уюштуруп, мыкты калемгерлерге өз каражатынан акчалай 100 миң сомдон сыйлыктарды ыйгарып, адабий саамалыктарды даңазалады. Канчалаган китептерди бекер чыгарып, айрым акын-жазуучуларга калем акы бергени, далай кайрымдуулук иштерди аткарганы эле анык айкөл, жоомарт экенин далилдеп турат го. Мындан тышкары, «Литературный Кыргыстан» журналын да өз каражатына чыгарып келди. Кыргызстандагы эң сапаттуу толук түстүү журналдардын, китептердин көбү «Турардан» чыгып, өлкөдөгү басма тармагынын бренди болуп калган эле.

Чыныгы меценаттыкты, демөөрчүлүктү Тилек чыгармачылыкка карата көрсөтүп, башкаларга өрнөк, үлгү болду. Чыгарма, эскерүү, мемуар жазган канча адамдын ажаатын ачып, китебин бекер же арзан чыгарып, канча деген мыкты чыгармаларды жарыкка чыгарып, кыргыз маданиятынын, адабиятынын бийиктиги болгон «Жаңы Ала-Тоо» журналын өз демилгеси, каражаты менен 10 жылдан бери чыгарып, акын-жазуучулардын, калемгерлердин ыраазычылыгын, батасын алып турду. Анан дагы балдар үчүн таанып-билүү, илим-билим, таалим-тарбия алуучу мыкты журнал чыгарсам деген оюу да бар эле. Маркумдун  60 жылдык мааракеси 16-ноябрда “Империал” тойканасында өтүп, замандаштары, агайлары, достору Тилекти эскеришти. Аты уйкаш кинорежиссер Тилек Мураталиев тарткан даректүү кино тасма көрсөтүлүп, “Турар” басмасынан жаңы чыккан “Тилек Мураталиев” аталыштагы замандаштарынын эскерүүлөрүнөн топтолгон китептин бет ачары болду.

Анын жаркын элесине арналып, артында калтырган изи тууралуу кыргыз, орус жана казак тилдериндеги эскерүүлөр топтолгон китептин бет ачары коомдук ишмерлер Султан РаевБексултан ЖакиевТопчубек Тургуналиев, Жедигер СаалайАбдылдажан Акматалиев, Кеңеш Жусупов, маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит КадырбековДарика Жалгасынова, Меңди Мамазаирова, Кыяз Молдокасымов жана башкалардын катышуусунда өттү. Ошондой эле анын урматына даректүү тасма даярдалган.

Эске сала кетсек, 1960-жылы 16-ноябрда Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Кызыл-Дөбө айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган Тилек Мураталиев 2020-жылдын 20-августунда жүрөк оорусунан көз жумган. Маркумдун сөөгү өзү туулуп-өскөн Кызыл-Дөбө айылына коюлган.

Кыргызстандагы басма иши боюнча алгылыктуу ишмердиги үчүн 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, 2016-жылы «Даңк» медалы менен сыйланган.

«Мастер менен Маргарита»

Жогоруда айтылгандай, Тилек Мураталиев чыгармачыл адамдарга демөөрчүлүктү ченемсиз кылганын укканыбыз бар. Бир гана мыкты котормону чыгарууга жетишпей калды. Мыкты котормочу, акын, философ, журналист Эрнис Асек уулу атактуу МБулгаковдун “Мастер менен Маргарита” романын эки айда которуп, мукабасын да өзү жасап, «Турар» басмаканасына 2019-жылы жайында берип, күтүп жүрүп (2020-жылдын 29-январында) дүйнө салган. Маркумдун жубайы Назира Саалиеванын айтымында, Тилек Мураталиев Эрнис Асек уулунун котормосуна баа берип, демөөрчүлүк кылам деп сурап алган. Тилекке каршы, 20-августта көзү өтүп кетти.

Эки мыкты инсанды эсен болуп, эстей жүр, окурман!

Эми «Мастер менен Маргарита» буйруган күнү жарык көрүп калаар. Бул китептин баш сөзүн Мелис Эшимкановдун досу, Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев жазган. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.