ЖЭЭНБЕКОВ: «Ар бир каалоо-тилектериңер кымбат, өзгөчө маанилүү. Куттуктооңорго ыраазычылык билдирем»

ЖЭЭНБЕКОВ: «Ар бир каалоо-тилектериңер кымбат, өзгөчө маанилүү. Куттуктооңорго ыраазычылык билдирем»

Бүгүн, 17-ноябрда, экс-президент Сооронбай Жээнбеков туулган күнү менен куттуктаган элге ыраазычылыгын билдирди. Ал «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй билдирүү калтырды.

 Урматтуу мекендештерим!

Сиздердин көпчүлүгүңүздөрдөн кечээ, 16-ноябрда менин дарегиме жылуу сөздөр менен бирге куттуктоолор айтылды, жазылды. Ар бириңизге чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем.

Мен үчүн айтылган ар бир каалоо-тилектериңер кымбат, өзгөчө маанилүү. Мага эмне кааласаңыздар, сиздерге да ошону каалайм.

Ар бир үйдө жакшылыктар көп болсун. Бекем ден соолукта болуңуздар! 

Кыргызстаныбызды Жараткан Кудай колдосун!

Белгилей кетсек, кечээ, 16-ноябрда, Сооронбай Жээнбеков 62 жашка толду. Ал туптуура бир ай мурун — 16-октябрда бийликти премьер-министр Садыр Жапаровго өткөрүп берген. Мыйзам боюнча «экс-президент» макамын алган.

Ал эми президенттин милдетин аткарып келген Садыр Жапаров президенттик шайлоого катыша турганын билдирип, кызматын 14-ноябрда тапшырган. Мыйзам боюнча спикер Талант Мамытов президенттик милдетин аткарууда… Анын кайрылуусун бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.