Артем Новиков айрым азык-түлүктүн баасы көзөмөлдөнөт дейт. Алар кайсылар?

Артем Новиков айрым азык-түлүктүн баасы көзөмөлдөнөт дейт. Алар кайсылар?

Өкмөт айрым азык-түлүк бааларына көзөмөл киргизебиз деп токтом даярдап жатат. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытов менен жолукканда билдирди.

Артем Эдуардович бүгүнкү күнү керектүү көлөмдөгү азык-түлүк запасын толукташ үчүн импорттоочулар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи. «Азык-түлүктүн беш түрү боюнча запас ашыгы менен бар. Баалардын жогорулашына жол бербөө максатында ири сатуучулар менен социалдык мааниге ээ товарларды жеткиликтүү кылуунун жолдору иштелип чыгууда», — деди да, өкмөттүн социалдык маанидеги товарларды сыртка чыгарууга тыюу салуу пландары бар экенин кошумчалады.

Анткен менен, соӊку айларда Кыргызстанда өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу азык-түлүк 8,9% кымбаттаган жана кымбаттоо үстүндө…

Ал эми Өкмөттүн базар баасын жөндөштөрүү боюнча токтому жаӊылык деле эмес. Буга чейин «Социалдык жактан маанилүү товарларынын айрым түрлөрүнө бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» токтомдор бир канча ирет жазылганын билебиз.

«Кыргыз Республикасынын ички рыногунда бааларына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон социалдык жактан маанилүү товарлардын тизмеси» деп буга чейин, билишибизче, төмөнкүлөр тизмектелип келген:

  1. Буудай, кара буудай уну
  2. Нан (бөлкө нан)
  3. 2,5-3,2% майлуулуктагы пастерленген сүт
  4. Өсүмдүк майы (күн карама жана пахта)
  5. Каймакмай
  6. Эт (уй эти, кой эти, чочко эти)
  7. Кумшекер
  8. Күрүч
  9. Макарон азыктары
  10. Тоок жумурткасы
  11. Картошка
  12. Көмүр
  13. Аи-80 жана Аи-92 үлгүсүндөгү бензин, дизель отуну
  14. Суюлтулган газ…

Ал эми өлкөбүздүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун деңгээлин тактоо максатында эң керектүү тамак-аштын тогуз түрү аныкталган: нан жана ун азыктары, картөшкө, жер-жемиш, жашылча жана бакча өсүмдүктөрү, шекер, өсүмдүк майы, сүт жана сүт азыктары, эт жана эт азыктары, жумуртка… 

Жогорку тизмеден эмнелер канчалык кымбаттаганын азыр кирешеси чектелүү, чөнтөгү жука эл катуу сезип жатышат… Маселен, өсүмдүк майы, жумуртка, ун, эт жакшы эле кымбатка туруп жатат…

Негизи базар бааларын Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик көзөмөлдөп турат. Алардын айтымында, баа абалына күн сайын мониторинг жүргүзүп турушат. Жана, алардын тастыктоосу боюнча, баанын көтөрүлүшүнө ички, тышкы жана сезондук деген үч фактор таасир этет. Соңку айлардагы кымбатчылыкка доллардын кымбатташы, чек аралардын жабык турушу, бизге азык-түлүк келчү өлкөлөрдө түшүмдүн ар кыл болушу, ичтеги өндүрүмдүн өйдө-ылдый болушу, чарбалыкка зарыл ар кыл чыгымдардын кымбатташы сындуу ички-тышкы жагдайлар себепкер дешет…

Анткен менен биз азык-түлүктүн 60%дан ашыгын чет өлкөдөн ташыйбыз…

Андыктан, азык-түлүк баасы дагы өсөт деген түпөйүл кеп күчүндө…

 

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.