Матраимов мамлекетке 493,8 млн. сом төктү. Ноябрь аягына чейин төлөп бүтөрүн Жапаров айтты эле…

Матраимов мамлекетке 493,8 млн. сом төктү. Ноябрь аягына чейин төлөп бүтөрүн Жапаров айтты эле…

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мамлекетке 493,8 млн. сом төктү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, Р.Матраимов Финансы министрлигинин атайын эсебине ушул күнгө чейин 493,8 млн. сом которгон. Акчаны ал 5-ноябрдан баштап которо баштаган жана ал милдеттенме алган сумманы кайсы мөөнөткө чейин төгүп бүтөрүн укук коргоо органдары чечет.

Белгилей кетсек, Бажы органдарындагы коррупцияга байланыштуу сотко чейинки териштирүү алкагында Райымбек Матраимов 20-октябрда кармалган. Бирок, ошол эле күнү сот Матраимовду тергөө менен кызматташууга барды деп, эч жакка кетпөө тилкаты  менен бошоткон. Ал тергөө менен кызматташууга макул болгонун, 2016-жылдан бери коррупциялык схема аркылуу тапкан 2 млрд. сомду мамлекетке төлөп берүүгө макул болгонун УКМК билдирген. Матраимов өзү УКМК айыптоосу боюнча комментарий берген эмес, бирок ошол эле күнү УКМКнын депозиттик эсебине 80 млн. сом төккөн.

Тактай кетсек, 4-октябрдагы парламенттик шайлоо жыйынтыгына нааразы митингинен кийин бийлик алмашып, депутаттарды бир канча жолу добуш бердиртип премьер, кийин президенттик ишин жыйыштырган Сооронбай Жээнбековдон кийин өлкө башчысы болуудан Канат Исаев баш тартып коюп, өлкө башчысы-өкмөт башчысы деген кош милдетти аткарып калган Садыр Жапаров буга чейинки билдирүүлөрүндө Райымбек Матраимовду камакка алуу-албоо маселесинде саясий чечимге барганын, аны үй камагына бошотууга өзү буйрук бергенин ачык эле айткан. Ал чечимин экономикалык кылмыштарда айыпкерди камоодон пайда жок экенин, андан көрө чыгымды өндүрүп алуу оң болорун жана Матраимов сумманы ноябрь аягына чейин төлөп бүтөт деп түшүндүргөн эле.

Ал эми «Райын-миллион» атыккан даӊазасы бар Райымбек Матраимов боюнча айтсак,  ага байланыштуу «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Ал иликтөөлөрдө коррупциялык кыӊыр иштерге Райымбек Матраимовдун кыйла тиешеси болушу ыктымалдыгы айтылган. Бирок бул иликтөөлөргө байланыштуу Райымбек Матраимов, анын Жогорку Кеңештеги агасы депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонду» үч медианы сотко берген эле…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.