ВИДЕО — Садык ШЕР: «Жаңы долбоорго кол койгон депутаттар «чимкирик» экенин далилдеди»

ВИДЕО — Садык ШЕР: «Жаңы долбоорго кол койгон депутаттар «чимкирик» экенин далилдеди»

Экс-депутат, президенттикке талапкер Садык Шер Нияз Баш мыйзамдын жаңы жарыяланган долбоору тууралуу пикирин айтып, ал долбоор Кыргызстанды 20-30 жыл артка алып барып таштаарын баса белгиледи.

«Менин оюмча, депутаттар өздөрү кайсы долбоорго кол койгонун билбей калды окшойт. Көптөгөн депутаттарга Конституциянын долбоорун көрсөтпөй эле «кол кой» деген сунуштар түшүп жатыптыр» деген сөздөргө ишендим. Кол койгон депутаттар «чимкирик» экенин далилдеди, башка эмне дейм?.. Анткени Конституциянын бул долбоору Кыргызстанды 20-30 жыл артка алып барып таштайт. Себеби, анда президенттин диктатурасы, бийликте бири-бирине жолтоо болгон түзүмдөр жазылыптыр. Маселен, Жогорку Кеңешти эл шайласа, анын үстүнөн эмнеге Элдик Курултай деген бир орган карашы керек? Элдик Курултай кандай система, кайсы принцип менен жыйналат? Эгерде ага Жогорку Кеңеш отчёт бере турган болсо, отчёту жакпай калса эмне болот?

Мыйзам чыгаруучу органдын үстүнөн дагы бир көзөмөлдү орнотуу — тоталитаризм менен диктатуранын жолу болуп калат. Президент бардык бийлик бутагын өз башкаруусуна алат деген сөз. Толук президенттик диктатура орноп, бир адам бардык бийликке үстөмдүк кылат деген сөз. Сот боюнча эч нерсе жок, соттор ушул эле бойдон иштесе, анда Кыргызстанда таптакыр акыйкат болбойт. Демек, бизде президент сот да болот, мыйзам чыгаруу бийлигине да үстөмдүк кылат, бардык тараптан бийликти алат. Бул долбоор Түркмөнстандын Баш мыйзамынан ашып түштү«, — деп ачууланган Садык Шер.

Садык Шердин пикирин толугу менен төмөндөгү «Жалбырактын» тасмасынан көрүңүз:

Белгилей кетсек, кечээ, 17-ноябрда, Жогорку Кеңеш Конституциясынын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Ал социалдык тармактарда кызуу талкууланууда. Айрым саясатчылар бул долбоорго каршы чыгып, бийликти бир колго топтоо деген пикирде.

Жаңы долбоордо эмнелер жазылган?

Катуу сынга алынып, чуу чыгарган жаңы долбоор боюнча учкай айта кетсек, анда президенттин укуктары кеңейтилген. Тагырагы, президент аткаруу бийлигин жетектеп, мамлекеттин ички, тышкы саясатынын негизги багыттарын, өкмөттүн курамын, түзүмүн өзү аныктайт. Ошондой эле президент эки мөөнөттөн ашык эмес 5 жылга шайланат. Ушундайды Конституцияга киргизүү үчүн Жогорку Кеңештин тиешелүү жоболоруна өзгөртүү киргизилет жана депутаттардын шайлоо тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат. Баш мыйзам долбоорун референдумга алып чыгууга 80 депутат демилгечи болгон. Садык Шердин ачууланып жатканы ошондон…

А чынында анын айтканы ачуу чындык. «Улуу урматтуу» биздин депутаттар, буга чейин аларга ярлык болуп тагылгандай, учурдагы бийликтин нак «чимкирик» «нотариусу», «кол баласы»…   экенин өзгөчө далилдегендей болушту…

Эң коркунучтуусу, булар эртеңки келечекке балта чапкан, журт наалатына калгыдай иш-аракеттерге, токулган мыйзам-токтомдорго «ойлонбостон», «окубастан» макул болуп бергидей…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

2 thoughts on “ВИДЕО — Садык ШЕР: «Жаңы долбоорго кол койгон депутаттар «чимкирик» экенин далилдеди»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.