Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: «80 депутат жаңы Конституция кабыл алуу боюнча демилге көтөрө албайт!»

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: «80 депутат жаңы Конституция кабыл алуу боюнча демилге көтөрө албайт!»

«Ата Мекен» партиясынын лидери, Жогорку Кеңеш депутаты Өмүрбек Текебаев кечээ, 18-ноябрда, «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүнө катышып, Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча оюн билдирди. Анда ал тийиштүү процедураларга токтолду.

Бүгүнкү Конституцияга ылайык, өзгөртүү-түзөтүүлөрдү киргизүү укугу 80ден кем эмес депутаттарга таандык. 10 депутат, президент, өкмөт киргизе албайт. Бирок 80 депутат өзгөртүү гана киргизе алат. А сиздер өзгөртүүнү эмес, жаңы Конституцияны киргизип жатасыңар. Керек болсо 120 депутат да жаңы Баш мыйзамды кабыл алуу боюнча демилге көтөрө албайт. Өзгөртүү гана кыла аласыңар. Бул бир. Экинчиден, өзгөртүүлөрдү киргизип жатканда Конституциялык палатадан: «Биздин демилгебиз конституциялык нормалар менен жүрүп жатабы, бирдемени бузуп албадыкпы?» деп сурашыңар керек. Сурадыңарбы? Жок. Анткени Конституциялык палатада азыр кворум жок, алар жакынкы бир айда иштебейт. Эгерде ал жакка берсе, булар 10-январга үлгүрбөй калат. Ошондуктан мыйзамды бузуп, Конституциялык палатага кайрылбастан, зордук менен, алдамчылык менен парламенттен алып өтүп кетебиз деп жатышат. Булар коомдук талкууда өзгөртөбүз деп жатышат, бирок талкуу убагында ага өзгөртүү киргизе алышпайт. Өтөт же өтпөйт.

Ак үй айтымында…

«Эксперттер талдайт» берүүсүнө катышкан президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Бектур Зулпиев мурда кабыл алынган Конституция догма эмес экенин, аны өзгөртүүгө болорун билдирди. Ал Конституциянын коомдук талкууга чыгарылган жаңы долбоорунун авторлору – парламенттин 80 депутаты экенин да белгиледи.

Катышуучулардын пикирин толугу менен төмөндөгү ВИДЕОдон көрсөӊүз болот:

Белгилей кетсек, Баш мыйзамдын жаңы долбоору парламенттин расмий сайтына 17-ноябрь кечинде жарыяланган. Анда Конституциянын долбоорун референдумга алып чыгууга 80 депутат демилгечи болгону көрсөтүлүп, тизмеси чыккан.

Жаңы долбоордо эмнелер жазылган?

Катуу сынга алынып, чуу чыгарган жаңы долбоор боюнча учкай айта кетсек, анда президенттин укуктары кеңейтилген. Тагырагы, президент аткаруу бийлигин жетектеп, мамлекеттин ички, тышкы саясатынын негизги багыттарын, өкмөттүн курамын, түзүмүн өзү аныктайт; бир канча мамкомитеттердин жетекчилерин дайындайт; өлкөнү эки мөөнөт башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот; мыйзам долбоорлорун демилгелей алат… Ошондой эле долбоордо мамлекеттик башкарууга «Элдик курултай» деген жаңы институт киргизилген; парламент депутаттарынын саны 120дан 90го кыскартылган; жалпыга маалымдоо каражаттарынин ишмердиги боюнча бир кыйла чектөөлөр да каралган…

Не болсо да, аталган демилге кабыл алынса, 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен кошо конституциялык референдум да өтүшү мүмкүн.

Авторитардык бийлик орнойбу?

Укук коргоочулар жана айрым саясатчылар эгер бул долбоор кабыл алынса, анда Кыргызстанда авторитардык бийлик орной турганын айтып жатышат.

Ал эми кол койгон айрым депутаттар долбоорду ким жазганынан кабары жок экенин, анын мазмунуна эмес, коомдук талкууга коюлушуна макул болуп гана кол коюп беришкенин билдиришкен. Анткен менен азыркы бийликтин «оӊдоо-түзөө, кайра кароо, узартуу-кыскартуу, убактылуу аткаруу» ж.б.у.с. иш-аракеттерине катуу кол кабыш кылып жаткан, бүткөн мөөнөтүн узартып алып иштеп жаткан VI чакырылыштын депутаттары улам-улам эле «ЖООПКЕРЧИЛИК» маселесин унуткарып жаткандай… Бул долбоорду «…Түркмөнстандын Баш мыйзамынан ашып түштү» кылган депутаттар тууралуу экс-депутат, президентикке талапкер Садык Шер Нияздын пикирин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.