Рыскелди МОМБЕКОВ: «Жанарды, мени ИИМ суракка чакырыптыр. «Ала Тоо» аянтында Ташиев деле жүргөн» 

Рыскелди МОМБЕКОВ: «Жанарды, мени ИИМ суракка чакырыптыр. «Ала Тоо» аянтында Ташиев деле жүргөн» 

Жогорку Кеңештин 4 депутаты ИИМдин Тергөө кызматына суракка чакырылды. Бүгүнкү 19-ноябрга  “Республика” саясий партиясынын лидери депутат Мирлан Жээнчороев жана депутат Жанарбек Акаев  күбө катары чакырылды. Алдын ала маалыматка караганда, алар 5-6-октябрдагы окуяларга байланыштуу чакырылган.

Рыскелди Момбековдун айтымында…

«Ата Мекен» партиясынын депутаты Рыскелди Момбеков да «Фейсбуктагы» баракчасына 20-ноябрга суракка чакырылганы тууралуу төмөндөгүдөй билдирүү калтырды:

— Жанарды бүгүнкүгө чакырса, мени эртеңкиге чакырышыптыр. Акаев, Жээнчороев, Момбеков деп алфавит менен кетип жатышса, эртең Сулайманов менен Токтогазиевге жетиши мүмкүн. Ии баса, Ташиев деле жүргөндөй болду эле, 5-октябрда «Ала Тоо» аянтында… Унутуп калам да ушинтип, ал чоң болуп кеткен да, туура.

Эмил Токтошевдин айтымында…

“Ата Мекен” фракциясынын дагы бир депутаты Эмил Токтошев да 20-ноябрга чакырылганын “Фейсбуктагы” баракчасына жазып, чакыруу кагазын да жайгаштырды. Ал төмөндөгүдөй билдирүү калтырды:

Өмүр жолумдагы өзүм туу туткан бир чындык бар! Ал өзүмдүн ичимдеги абийирди сатпоо! Кандай гана абал болбосун, чындыкты сүйлөп, түз жүрүү!
Саясий ишмердигимде коомдогу туура эмес окуяларды, саясий теңсиздикте ар дайым калыс сөзүмү айтып келем. Убагында белизгейт үчүн Сегизбаевди, ТЭЦ үчүн Исаковду катуу сындап, Атамбаев, Жээнбековдордун өкмөтүнүн ар бир туура эмес иштерине сын айтып, Текебаевди түрмөгө отургузганда да өзүмүн позициямы өзгөртпөй, ар жакка өтө качпай, ар дайым бир нукта келе жатам.
Ушу кезге чейин сөз эркиндиги бар үчүн коомдогу, саясаттагы бардык туура эмес иштерди айтып келдик!
Мына, ушул күн да келди…
Белгилей кетсек, 10-октябрда «Ала-Тоо» аянтындагы жаңжал боюнча кылмыш иши козголгон.

Эске сала кетсек, 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын баштапкы жыйынтыгына нааразы болгон 12 саясий партия Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында (5-октябрда) митинг өткөрүшкөн. Анын арты башаламандыкка айланып, Ак үй басылып алынып, талкаланып, бир топ саясатчылар (алардын арасында Садыр Жапаров да болгон) абактан бошотулуп, бийлик алмашкан. Бийликке Садыр Жапаров келген. Ал 90 депутаттын колдоосу менен премьер-министр болуп шайланып, кийин президенттин милдетин аткарып калган. 14-ноябрда президенттик шайлоого катышуу үчүн кызматын өткөрүп берип, мыйзам боюнча президенттин милдетин учурда спикер Талант Мамытов аткарууда.

Белгилей кетсек, «Ала Тоо» аянтында азыркы УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев да жүргөнү чындык. Анан досу Садыр Жапаровдун бийликке келишине салымы эбегейсиз болду, аны ал абакта отурганда колдоп жатты, абактан тарапташтары чыгарып алгандан бери жанынан чыкпай жандап, аны «премьер-министр» кылмакчы болгон алгачкы «добуш берүүдө» да келди калбай, кийин Сооронбай Жээнбековдун кокустан эле «кызматын жыйыштырып, эл тынчтыгы үчүн арызын жазган» учурда да, «алгач ооруп, анан жакшы болгон» Садыр Жапаровду коштоп барып…  айтор, «аккан дос» катары Садыр Жапаровдун абактан кийинки «бийлик олимпине» жеткен урунттуу учурларында «эгиз козудай ээрчишкен» калдайган караандарын көрүп жаттык… Кыскасы, ЖК депутаты Өмүрбек Текебаев «доссекретарь»  деп таамай баа бергендей «достук ак кызматын» катуу аткарып келет…

Анткен менен, Камчыбек Кыдыршаевич, балким, калыстык, адилеттүүлүк үчүн ИИМге  күбө катары чакырылып көрсөтмө берер… Же, балким, ИИМ чекисттерден айбыгып коёбу… Чынында, ачык байкалбаса да, милиционерлер менен чекисттер ымаласы илгертен жакшы эмес, тымызын тиреш болуп келген…

А азыр кандай экенин ким билет…

 

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.