Азимбек БЕКНАЗАРОВ: «Жаңы долбоордун авторлору, бийликтин төбөлдөрү, этегиңерди жапкыла! Антпесеңер эл толкуйт!»

Азимбек БЕКНАЗАРОВ: «Жаңы долбоордун авторлору, бийликтин төбөлдөрү, этегиңерди жапкыла! Антпесеңер эл толкуйт!»

Кыргызстандын Малайзиядагы ыйгарым укуктуу элчиси Азимбек Бекназаровдун Конституциянын жаңы долбоору боюнча пикир-сунушу редакциябызга келип түштү. Аны толугу менен, эч өзгөртүүсүз беребиз.

  1. 6-чакырылыштагы азыркы Жогорку Кеңештин 80 депутаты тарабынан 2020- жылдын 17- ноябрында Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын долбоорун коомчулукка чыгарышын үйрөнгөн адаттарынча, 1-кезекте «жаңы кожоюнга» кылышкан тарыхый «жакшылыгы» жана ага жеке саясий зыяны тийе турган, саясый катачылык деп эсептейм. Депутаттардын бул кадамы- 2020- жылдын 5- октябрындагы тарыхый окуядан эч кандай сабак албагандыгынан кабар берет.
  2. Шашылыш түрдө, тар чөйрөдө даярдалып, анан элге «жамынылып» референдум жолу менен мамлекеттик бийликти узурпациялаган жол, мурдагы качкын президенттер Акаев, Бакиевдин жана алардын жолуна түшкөн Убактылуу Өкмөттүн, 2016- жылкы Атамбаевдин саясый катачылыктары болгон. Анын кесепетинен мамлекетибиз жана анын эли алдыга өнүгүүдөн өз жолун таппай, 29 жылда 12 жолу Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизип, 3 жолу Ак үй алынды. Ак үйдүн алынганына эки ай өтпөй жатып, белгисиз тар чөйрөдө даярдалып, референдум жолу менен алууну көздөгөндөр, терең жаңылаарын эскертем!

Эмне үчүн, элибиздин кайра- кайра бийликти кууп жатканын көрүп, билип, азыр ошондой шартта жашап жатып, кайра эле элибизге жөпжөнөкөй, түшүнүктүү гана эки суроону: кандай бийлик, кандай шайлоо керектигин койгондон качасыңар? Убагында Акаев, Бакиев, Убактылуу Өкмөт дагы качкан? Ал эми Атамбаев 2016- жылы азыркыдай жол менен белгисиз бирөөлөргө даярдатып, силердин атыңардан Референдумга чыгарткан?!

Долбоордун негизги авторлоруна, азыркы бийликтин төбөлдөрүнө айтаарым, эсиңер барда, этегиңерди жапкыла! Антпесеңер негизги эл, эми толкуйт! Анткени, мындай өзүм билемдикти көргөнбүз, азыр дагы жол берүүгө укугубуз жок!

3.Ооба, талаш жок, элибиз чыныгы элдин кызыкчылыгы менен эркиндиги, нукура улуттук өзгөчөлүктөрү камтылган, ынтымагы менен турмушун күчтөндүргөн, улуттун геосаясий менталитетине ылайык келген жана улуттук мамлекеттин эгемендүүлүгү менен экономикалык күч кубаттуулугун бекемдеп өнүктүргөн, батыштын НПО деңгээлиндеги Венециан комиссиясындай эл аралык уюмдардын импорттогон ченемдеринен арылган жаңы саясий системаны камтыган жаңы баш мыйзамга муктаж! Бул маселеде талаш жок! Бирок, мындай эски жол менен эмес!

КОНКРЕТТҮҮ СУНУШТАР:

1. 2021- жылдын 10-январына президенттик шайлоо менен бир күнгө:

1). Башкаруунун кайсы түрүн колдойсуң: парламенттикпи же президенттикпи?;  Эскертүү: Эгерде элдин көпчүлүгү парламенттик башкарууну кааласа, президент эл тарабынан шайланбайт, аны ЖКнын депутаттары кеңейтилген элдик курултайда шайлайт, президент символдуу гана укуктарга ээ болот. Өлкөнү негизинен Парламент тарабынан шайланган премьер-министр башкарат. Германиянын башкаруу системасына окшош. Эгерде элибиз президенттик башкарууну кааласа, ал мамлекет жана Өкмөт башчы болот АКШнын президентиндей. Жогорку Кеңештин депутаттары мыйзам чыгаруу менен гана алектенет.

Мындай суроого элдин берген жообу: 1994-жылдан бери эч нерсеге жооп бербеген, бирок, бардык бийликтин ээси болгон президенттин жана эч нерсени чече албаган, бирок бардык нерсеге жооптуу Өкмөттүн ортосундагы кош бийликти чечет!

2). Жогорку Кеңештин депутаттарын бир мандаттуу же көп мандаттуу конкреттүү шайлоо окуругдарынан түз шайланышын ( можаритардык) колдойсуңбу же партиялык жабык тизмеге акчасына жараша киргизилген белгисиз адамдардын кыйыр шайланышын ( пропорциялык ) колдойсуңбу? Мындай суроолорго элдин берген жообу, акыркы 12 жылдагы мамлекеттик саясый системасындагы коррупциянын булагы, президенттик мыйзамсыз башкаруунун коронавирусу болгон, үй-бүлөлүк партиялар менен өлкөнү башкаруунун партиялык-мафиялык системасын сындырат!

3). Мамлекеттик бийликтин бирден- бир булагы жана эгемендиктин ээси болгон Кыргызстандын эли, өзү шайлаган мамлекет башчысынын жана Жогорку Кеңештин ар жылдык аткарган иштери боюнча отчётторун элдик курултайларда угушун жана ага баа беришин колдойсуңбу? Мындай суроого элдин оң берген жообу, эл тарабынан шайланган кайсы гана, кандай гана бийлик болбосун, аткарган иштери боюнча өзүн шайлаган элге отчёт берип, баа алып туруусу, эл менен бийликтин өз ара байланышын жакындатат. Курултай институту- бул Кыргызстандын шартында, элдик бийликтин туу чокусу. Жарандардын конституциялык саясый укугу. Референдумга болгону ушул үч суроо чыгарылганы туура болот. Мен депутаттарды ушуга дагы бир жолу чакырам. Жакында эле, келечекте сөзсүз боло турган конституциялык реформалар боюнча өзүмдүн сунуш пикиримди Жогорку Кеңешке, Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго Кыргызстандын атуулу катары кенен бергем. Референдумдун жыйынтыгы менен аныкталган элдин көпчүлүгүнүн эркине жараша, келечектеги жаңы Конституция коомчулуктун кеңири катмарынын катышуусунда түзүлгөн Конституциялык Кеңешменин, Президенттин, Өкмөттүн, Жогорку Кеңештин депутаттарынын даярдаган долбоорлорунун ичинен тандалып алынган вариантты Эл Өкүлчүлүктүү орган болгон (азыркыдай партиянын өкүлдөрүнөн түзүлгөн эмес) жаңы тартипте шайланган Жогорку Кеңеш Конституцияда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдү, тартипти сактоо менен кабыл алуусу керек!

2. Белгисиз тар чөйрөдө даярдалып, конституциялык 5 жылдык мөөнөтү аяктаган, бирок өлкөдөгү саясий форс-мажордук кырдаалга байланыштуу гана иштеп жатышкан Жогорку Кеңешттеги 80 депутаттын колу койдурулуп, Референдум жолу менен жаңы Конституцияны алдырууга аракет, мамлекеттик бийликти дагы бир жолу узурпация кылууга аракеттенгендик деп, табылып коомдук талкуудан алынсын. Коомдук талкуу токтотулсун!

Белгилей кетсек, бүгүн, 20-ноябрда, Бишкекте «Жарандар бийликтин узурпациясына каршы!» аттуу жарандык коомдун чукул жыйыны болуп өттү. Тегерек столдо Конституциянын сунушталган жаңы долбоору талкууланды. Талкууга экс-президент Роза Отунбаева, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов, экс-спикер Абдыганы Эркебаев, экс-премьер-министр Феликс Кулов, ЖК депутаты Каныбек Иманалиев, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, экс-депутаттар Садык Шер-Нияз, Равшан Жээнбеков, «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова жана Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Роза Отунбаеванын пикирин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Эске сала кетсек, Конституциянын жаңы долбоорун Жогорку Кеңеш коомдук талкууга 17-ноябрда алып чыккан. Жаңы Конституцияны кабыл алуу үчүн референдумду 2021-жылдын 10-январында өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун парламент сунушташууда. Тагыраак айтканда, депутаттар референдумду президенттик шайлоо менен чогуу өткөрүүнү сунуштап жатышат.

Айрым саясатчылар жана укук коргоочулар: «Эгер бул долбоор кабыл алынса, анда Кыргызстанда авторитардык бийлик орнойт» деген пикирде. Ал эми кол койгон айрым депутаттар долбоорду ким жазганынан кабары жок экенин, анын мазмунуна эмес, коомдук талкууга коюлушуна макул болуп гана кол коюп бергенин билдиришкен. Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири делген «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Эмил Токтошев демилгечи катары кол койбогонун билдирген.

Жаңы долбоордо эмнелер жазылган?

Катуу сынга алынып, чуу чыгарган жаңы долбоор боюнча учкай айта кетсек, анда президенттин укуктары кеңейтилген. Тагырагы, президент аткаруу бийлигин жетектеп, мамлекеттин ички, тышкы саясатынын негизги багыттарын, өкмөттүн курамын, түзүмүн өзү аныктайт; бир канча мамкомитеттердин жетекчилерин дайындайт; өлкөнү эки мөөнөт башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот; мыйзам долбоорлорун демилгелей алат… Ошондой эле долбоордо мамлекеттик башкарууга «Элдик курултай» деген жаңы институт киргизилген; парламент депутаттарынын саны 120дан 90го кыскартылган; жалпыга маалымдоо каражаттарынин ишмердиги боюнча бир кыйла чектөөлөр да каралган…

Не болсо да, аталган демилге кабыл алынса, 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен кошо конституциялык референдум да өтүшү мүмкүн, чиркин…

Жаңы долбоордун автору ким?

«Жүзүӊдү аччы, Гүлчөтай!» болуп ызы-чууну жараткан жаңы долбоордун автору жок болууда. Бирок, кечээ ал «жүзүн ачып», ачыкталгандай болду…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.