Кубанычбек ИСАБЕКОВ: «Азыр Садыр Жапаров супер президент болгусу келип атат»

Кубанычбек ИСАБЕКОВ: «Азыр Садыр Жапаров супер президент болгусу келип атат»

Бүгүн, 20-ноябрда, Конституциянын сунушталган жаңы долбоору боюнча «Жарандар бийликтин узурпациясына каршы!» аттуу жарандык коомдун чукул жыйыны болуп өттү. Жыйында парламенттин мурдагы вице-спикери Кубанычбек Исабеков Жогорку Кеңешти таркап кетүүгө чакырды.

“Азыр Садыр Жапаров супер президент болгусу келип атат. Жаңы Баш мыйзамда парламент болот, бирок чечим кабыл албайт деп жазылып турат. Андай болсо, парламенттин эмне кереги бар? Биз азыр жардын кырында турабыз. Европа Биримдиги акча берүүдөн баш тартты. Азыр депутаттар келерки жылдын бюджетин бекитип, өзүн-өзү таратышы керек. Бул эң жеңил жол. Өлкө үчүн өзүн-өзү таратууга барыш керек”, — деди К. Исабеков.

Эске сала кетсек, 17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоорун Жогорку Кеңеш коомдук талкууга алып чыккан. Бул долбоор жарыяланары менен жарандык коомдун, саясий ишмерлердин, укук коргоочулардын кескин сынына кабылды. Айрым саясатчы, укук коргоочулардын айтымында, бул долбоор кабыл алынса, анда Кыргызстанда авторитардык бийлик орнойт.

Ал эми кол койгон айрым депутаттар долбоорду ким жазганынан кабары жок экенин, анын мазмунуна эмес, коомдук талкууга коюлушуна макул болуп гана кол коюп бергенин билдиришкен. Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири делген «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Эмил Токтошев демилгечи катары кол койбогонун билдирген.

Жаңы долбоордо эмнелер жазылган?

Катуу сынга алынып, чуу чыгарган жаңы долбоор боюнча учкай айта кетсек, анда президенттин укуктары кеңейтилген. Тагырагы, президент аткаруу бийлигин жетектеп, мамлекеттин ички, тышкы саясатынын негизги багыттарын, өкмөттүн курамын, түзүмүн өзү аныктайт; бир канча мамкомитеттердин жетекчилерин дайындайт; өлкөнү эки мөөнөт башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот; мыйзам долбоорлорун демилгелей алат… Ошондой эле долбоордо мамлекеттик башкарууга «Элдик курултай» деген жаңы институт киргизилген; парламент депутаттарынын саны 120дан 90го кыскартылган; жалпыга маалымдоо каражаттарынин ишмердиги боюнча бир кыйла чектөөлөр да каралган…

Неси болсо да, аталган демилге кабыл алынса, 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен кошо конституциялык референдум да өтүшү мүмкүн, чиркин…

Жаңы долбоордун автору ким?

«Жүзүӊдү аччы, Гүлчөтай!» болуп ызы-чууну жараткан жаңы долбоордун автору жок болууда. Бирок, кечээ ал «жүзүн ачып», ачыкталгандай болду…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.