Садыр ЖАПАРОВ: «»Диктатура» деп өлүп-талып маалымат таратып жаткан жүзү кара акмактарга айтаарым…» 

Садыр ЖАПАРОВ: «»Диктатура» деп өлүп-талып маалымат таратып жаткан жүзү кара акмактарга айтаарым…» 

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров бүгүн, 20-ноябрда, «Инстаграмдагы» баракчасы аркылуу дагы билдирүү таратты. Анда ал: “Баш мыйзамдын долбоору жалгыз гана Садыр Жапаровдуку, ал диктатура орнотуп жатат деп өлүп-талып маалымат таратып жаткан жүзү кара акмактарга айтаарым төмөнкүчө:

Бул баш мыйзамдын долбоору 2011-жылдан бери Курултайчылар жана жалпы эл тарабынан сунушталып келе жатат. Буга чейинки бийликтер тоготпой келген. Биз анча-мынча кемчиликтерин толуктап гана (албетте кемчиликтер бар) элдин талкуусуна алып чыктык.

Бул бир кишинин же бир топтун кызыкчылыгын көздөгөн баш мыйзам эмес. Жалпы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн баш мыйзам. Бул баш мыйзамга каршы чыгып жаткан ана башчынын чыныгы жүзүн келе жаткан биринчи күнү ачам“, – деп жазган.

Белгилей кетсек, бүгүн, 20-ноябрда, Бишкекте «Жарандар бийликтин узурпациясына каршы!» аттуу жарандык коомдун чукул жыйыны болуп өттү. Тегерек үстөлдө Конституциянын сунушталган жаңы долбоору талкууланды. Талкууга экс-президент Роза Отунбаева, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов, экс-спикер Абдыганы Эркебаев, экс-премьер-министр Феликс Кулов, ЖК депутаты Каныбек Иманалиев, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, экс-депутаттар Садык Шер-Нияз, Равшан Жээнбеков, «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова жана Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Роза Отунбаеванын пикирин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Эске сала кетсек, Конституциянын жаңы долбоорун Жогорку Кеңеш коомдук талкууга 17-ноябрда алып чыккан. Жаңы Конституцияны кабыл алуу үчүн референдумду 2021-жылдын 10-январында өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун парламент сунушташууда. Тагыраак айтканда, депутаттар референдумду президенттик шайлоо менен чогуу өткөрүүнү сунуштап жатышат.

Айрым саясатчылар жана укук коргоочулар: «Эгер бул долбоор кабыл алынса, анда Кыргызстанда авторитардык бийлик орнойт» деген пикирде. Ал эми кол койгон айрым депутаттар долбоорду ким жазганынан кабары жок экенин, анын мазмунуна эмес, коомдук талкууга коюлушуна макул болуп гана кол коюп бергенин билдиришкен. Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири делген «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Эмил Токтошев демилгечи катары кол койбогонун билдирген.

Жаңы долбоордо эмнелер жазылган?

Катуу сынга алынып, чуу чыгарган жаңы долбоор боюнча учкай айта кетсек, анда президенттин укуктары кеңейтилген. Тагырагы, президент аткаруу бийлигин жетектеп, мамлекеттин ички, тышкы саясатынын негизги багыттарын, өкмөттүн курамын, түзүмүн өзү аныктайт; бир канча мамкомитеттердин жетекчилерин дайындайт; өлкөнү эки мөөнөт башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот; мыйзам долбоорлорун демилгелей алат… Ошондой эле долбоордо мамлекеттик башкарууга «Элдик курултай» деген жаңы институт киргизилген; парламент депутаттарынын саны 120дан 90го кыскартылган; жалпыга маалымдоо каражаттарынин ишмердиги боюнча бир кыйла чектөөлөр да каралган…

Не болсо да, аталган демилге кабыл алынса, 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен кошо конституциялык референдум да өтүшү мүмкүн, чиркин…

 Жаңы долбоордун автору ким?

«Жүзүӊдү аччы, Гүлчөтай!» болуп ызы-чууну жараткан жаңы долбоордун автору жок болууда. Бирок, кечээ ал «жүзүн ачып», ачыкталгандай болду…

Бирок «Гүлчөтай!» чындап жүзүн ачтыбы-жокпу, айтор, «автору» деген адам «мен эмес» деп танып, бир тарабы «диктатура!» деп өлүп-талып жаткандардын анабашынын жүзүн ачам» деп ого бетер опурулуп-жапырылып, бир тарап элди аӊ-сезимдүү иш-аракеттерге чакырып, чырлуу маселе дале талкууда…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.