Талант МАМЫТОВ: «Баш мыйзамдын долбоорунда бардык тараптардын пикирлери эске алынат» 

Талант МАМЫТОВ: «Баш мыйзамдын долбоорунда бардык тараптардын пикирлери эске алынат» 

Бүгүн, 20-ноябрда, Конституциянын жаӊы долбоорун ар тараптуу талкуулап, бирдиктүү пикирге келүү үчүн Конституциялык кеңешме түзүлдү. Президенттин милдетин убактылуу аткарып жаткан спикер Талант Мамытов тийиштүү Жарлыкка кол койду. 

Ошондой эле ал кыргызстандыктарга кайрылып, Баш мыйзамдын долбоорунда бардык тараптардын пикирлери эске алынарын, документтин ар бир пункту коомчулукту тартуу менен караларын, бул үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөрүн билдирди. 

Конституциялык Кеңешмеге 89 адам (35и илимпоз) мүчө болуп кирип, анын төрагасы болуп Бекбосун Бөрүбашев шайланды. Алар Улуттук илимдер академиясынын имаратында мамлекеттин Баш мыйзамынын жаңы редакциясынын долбоорун талкуулашты.

Конституциялык Кеңешменин тизмесине кимдер кирди? 

1. Бөрүбашев Бекбосун Ишенбекович – Б.Ельцин атындагы Кыргыз-орус славян университетинин Эл аралык жана конституциялык укук кафедрасынын башчысы, юридика илимдеринин доктору, профессор, Конституциялык кеңешменин төрагасы;

2. Керезбеков Канат Керезбекович – КСДП фракциясынан ЖК депутаты, Конституциялык кеңешменин төрагасынын орун басары;

3. Тогусаков Осмон Асанкулович – Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Конституциялык кеңешменин төрагасынын орун басары;

4. Абдраимов Абсалам – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун эксперти;

5. Автандилова Сайкал Молдошевна – ИИМдин Академиясынын Мамлекеттик жана укуктук дисциплиналар кафедрасынын доценти, юридика илимдеринин кандидаты;

6. Айдаров Салайдин Абдираевич – “Кыргызстан” фракциясынан ЖК депутаты;

7. Акматалиев Абдылдажан Амантурович – Улуттук илимдер академиясынын коомдук илимдер бөлүмүнүн төрагасы, академик;

8. Алиев Медер Кубанычевич – көзкарандысыз эксперт;

9. Алимбеков Нурбек Каарыевич – “Кыргызстан” фракциясынан ЖК депутаты;

10. Алымбеков Кеңешбек Асанкожоевич –  М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин профессору, техника илимдеринин доктору;

11. Аманалиев Урмат Олжобекович – Мамлекеттик башкаруу академиясынын профессору, юридика илимдеринин доктору;

12. Арабаев Автандил Анисович – Жалал-Абад мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинин деканы, юридика илимдеринин доктору, профессор;

13. Арабаев Чолпонкул Исаевич – Улуттук илимдер академиясынын Саясий изилдөө жана экспертиза борборунун директору, мүчө-корреспондент;

14. Аркабаев Нооманжан Акматович – ЖКнын экс-депутаты;

15. Асанканов Абылабек Асанканович – Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун директору, мүчө-корреспондент;

16. Атабеков Боконбай – коомдук ишмер;

17. Ашыралиев Кемель – коомдук ишмер;

18. Баетов Батыркул Исаевич – Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин профессору, экономика илимдеринин доктору;

19. Байжиев Мар Ташиевич – Кыргызстандын Улуттук киноакадемиясынын академиги, Эл жазуучусу;

20. Байсалов Эдил Жолдубаевич – Кыргыз Республикасынын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугундагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси;

21. Бардинова Нуржан Арзыкуловна – Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы;

22. Бокоев Кенжебек Сатымкулович – “Республика – Ата Журт” фракциясынан ЖК депутаты;

23. Бокоев Жаныбек Абдраевич – Ж.Баласагына атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору, юридикалык илимдердин кандидаты;

24. Болтобаева Венера Мурзаевна – “ЛАРК Аналитикалык изилдөө борбору” КФнын директору;

25. Ботоева Чынара Кычийевна – ИИМдин Академиясынын Мамлекеттик-укуктук дисциплиналар бөлүмүнүн башчысы, юридика илимдеринин доктору, доцент;

26. Жаилов Жумабек Сатаевич – Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору, экономика илимдеринин доктору;

27. Жаманкулов Марат Тургунбаевич –  КР Юстиция министри;

28. Жураев Абубакир Мухтарович – Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия славян университетинин Дизайн жана архитектуранын математикалык негиздери кафедрасынын башчысы, физика-математика илимдеринин доктору, профессор;

29. Естебесов Адыл Жээнбекович – Өкмөт аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

30. Жапаров Акылбек Усенбекович – “Бир Бол” фракциясынан ЖК депутаты;

31. Жапаров Турдубек Турдалиевич – Мамлекеттик башкаруу академиясынын доценти, экономика илимдеринин доктору;

32. Жунус уулу Адыл – “Республика – Ата Журт” фракциясынан ЖК депутаты;

33. Зулушев Курманкул Токторалыевич – башкы прокурор;

34. Ибраев Байтемир Карыпбекович – экс-башкы прокурор;

35. Иминов Махамаджан Саитович – Президенттин Администрациясынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;

36. Исаков Эсенгул Байдалиевич – экс-депутат;

37. Исмаилов Нурлан Асанович – Эл аралык “Ала-Тоо” университетинин юриспруденция кафедрасынын башчысы, юридика илимдеринин кандидаты, доцент;

38. Исманов Таалайбек Кадырович – Дистанттык окуу боюнча мультимедиялык институтунун доценти, юридика илимдеринин доктору;

39. Кадыралиев Алмаз Токтобекович – М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин доценти, экономика илимдеринин кандидаты;

40. Кайыпов Марат Таштанович ­- коомдук ишмер;

41. Калиева Гүлбара Үтүровна – Жогорку соттун төрайымы;

42. Карашев Аалы Азимович – КСДП фракциясынан ЖК депутаты;

43. Кенжебаев Байгазы Бобунович – “Кыргызстан” фракциясынан ЖК депутаты;

44. Койчуманова Чолпон Урушбековна – Улуттук илимдер академиясынын Борбор Азиядагы гуманитардык изилдөө борборунун башчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор;

45. Кошалиев Кадыр Амиракулович – журналист,коомдук ишмер;

46. Курманкожоев Улугбек Мукамбаевич – Россиянын Элдер достугу университетинин юриспруденция багыты, магистр даражасы бар;

47. Курманов Данияр Кубанычбекович – Жогорку Кеңештин аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы;

48. Кыдыралиев Сыргак Капарович – Борбордук Азиядагы Америка университетинин доценти, физика жана математика илимдеринин кандидаты;

49. Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевич – “Республика – Ата Журт” фракциясынан ЖК депутаты;

50. Летова Ирина Витальевна – көзкарандысыз эксперт;

51. Малабаев Болот Нурбаевич – Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинин докторанты;

52. Мамасаидов Алимардонбек Махаммаджанович – адвокат, юридика илиминин кандидаты;

53. Маматалиев Марлен Абдырахманович – “Республика – Ата Журт” фракциясынан ЖК депутаты;

54. Маматкеримова Гульмира Рысбековна – көзкарандысыз эксперт;

55. Мамытов Токон Болотбекович ­­- КР Акыйкатчысы;

56. Молдобекова Гулкан Сакиновна – КСДП фракциясынан ЖК депутаты;

57. Мукасов Ысманалы Мукасович – Улуттук илимдер академиясынын Улуттук жана чет элдик философия бөлүмүнүн башчысы, мүчө-корреспондент;

58. Мураталиев Мелис Казакбаевич – “Бакдөөлөт” фондунун жетекчиси;

59. Мусаев Сыртбай Жолдошович – И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Манас таануу жана лингвистика институтунун директору, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, филология илимдеринин доктору, профессор;

60. Мотуев Нурдин Аманканович – журналист, коомдук ишмер;

61. Нурматов Темирбек Асанович – Дипломатиялык академиянын эл аралык мамилелер жана укук кафедрасынын доценти, юридика илимдеринин кандидаты;

62. Өмүрзаков Аманбай Токторович – “Фонд Регистр” ЖЧКсынын башкы директору;

63. Орозбаев Бектурган – Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирлигинин директорунун орун басары;

64. Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич – Физика-математика илимдеринин доктору;

65. Примов Улан Бердибаевич – КСДП фракциясынан ЖК депутаты;

66. Райымкулов Бактыбек Кемелбекович – “Республика – Ата Журт” фракциясынан ЖК депутаты;

67. Райымкулов Билим Сардалбекович – Адвокатуранын Адвокаттар кеңешинин төрагасы;

68. Салиев Бахтияр Усманович – Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;

69. Саралаев Нур Керимкулович – Улуттук илимдер академиясынын Философия, укук жана коомдук-саясий изилдөө институтунун директору, философия илимдеринин доктору;

70. Сарыбаев Асанбек Мукашевич — коомдук ишмер;

71. Сманалиев Кынат Мойнокович – Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинин деканы, юридика илимдеринин доктору, профессор;

72. Сооданбеков Жумагул – коомдук ишмер, академик;

73. Сыдыгалиев Нурбек Өмүрбекович – “Ата Мекен” фракциясынан ЖК депутаты;

74. Сыдыкова Лейла Чынтургановна – Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус славян университетинин проректору, юридика илимдеринин доктору;

75. Сырдыбаев Нурлан Муратбаевич – “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан ЖК депутаты;

76. Токсонбаев Болот Темирбекович – М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин доценти, экономика илимдеринин доктору;

77. Токтобаев Болот Токтомышевич – Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин мамлекет, укук теориясы жана тарыхы кафедрасынын башчысы, юридика илимдеринин доктору;

78. Төралиев Садирдин – коомдук ишмер;

79. Турсунбаева Назира Сартбаевна – Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус славян университетинин Эл аралык жана конституциялык укук кафедрасынын доценти, юридикалык илимдердин кандидаты;

80. Турсунбек Акун – экс-акыйкатчы;

81. Турусбеков Бактыбек Сагындыкович – “Бир Бол” фракциясынан ЖК депутаты;

82. Турускулов Жыргалбек Күрүчбекович – “Республика – Ата Журт” фракциясынан ЖК депутаты;

83. Чакиев Максат Жолдошбекович – Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ардактуу профессору;

84. Шайымбетов Казыбек Орозакунович – ЖК экс-депутаты;

85. Шамшиев Улан Насирдинович – көзкарандысыз эксперт;

86. Шерипов Нурлан Турганбекович – Юридика илимдеринин доктору, профессор, конституционер;

87. Эргешов Зайырбек Жолчуевич – Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын экс-директору;

88. Эсеналиев Эркин Шаршенбекович – коомдук ишмер;

89. Юсуров Абдумажит Лелезович – “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан ЖК депутаты.

Эске сала кетсек, Конституциянын жаңы долбоорун Жогорку Кеңеш коомдук талкууга 17-ноябрда алып чыккан. Жаңы Конституцияны кабыл алуу үчүн референдумду 2021-жылдын 10-январында өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун парламент сунушташууда. Тагыраак айтканда, депутаттар референдумду президенттик шайлоо менен чогуу өткөрүүнү сунуштап жатышат.

Айрым саясатчылар жана укук коргоочулар: «Эгер бул долбоор кабыл алынса, анда Кыргызстанда авторитардык бийлик орнойт» деген пикирде. Ал эми кол койгон айрым депутаттар долбоорду ким жазганынан кабары жок экенин, анын мазмунуна эмес, коомдук талкууга коюлушуна макул болуп гана кол коюп бергенин билдиришкен. Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири делген «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Эмил Токтошев демилгечи катары кол койбогонун билдирген.

Жаңы долбоордо эмнелер жазылган?

Катуу сынга алынып, чуу чыгарган жаңы долбоор боюнча учкай айта кетсек, анда президенттин укуктары кеңейтилген. Тагырагы, президент аткаруу бийлигин жетектеп, мамлекеттин ички, тышкы саясатынын негизги багыттарын, өкмөттүн курамын, түзүмүн өзү аныктайт; бир канча мамкомитеттердин жетекчилерин дайындайт; өлкөнү эки мөөнөт башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот; мыйзам долбоорлорун демилгелей алат… Ошондой эле долбоордо мамлекеттик башкарууга «Элдик курултай» деген жаңы институт киргизилген; парламент депутаттарынын саны 120дан 90го кыскартылган; жалпыга маалымдоо каражаттарынин ишмердиги боюнча бир кыйла чектөөлөр да каралган…

Неси болсо да, аталган демилге кабыл алынса, 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен кошо конституциялык референдум да өтүшү мүмкүн, чиркин…

Жаңы долбоордун автору ким?

«Жүзүӊдү аччы, Гүлчөтай!» болуп ызы-чууну жараткан жаңы долбоордун автору жок болууда. Бирок, кечээ ал «жүзүн ачып», ачыкталгандай болду…

Айтмакчы, «Конституциянын жаӊы долбоорун ар тараптуу талкуулап, бирдиктүү пикирге келүү үчүн түзүлгөн» Конституциялык кеңешменин курамында ЖК депутаттарынан КСДП фракциясынан 4, «Кыргызстан» фракциясынан 3, «Республика-Ата Журт» фракциясынан 6, «Бир Бол» фракциясынан 2, «Ата Мекен» фракциясынан 1, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан 1 депутат барУгушубуз боюнча, жаӊы долбоорду аябай колдоп жаткан депутаттар да АЗ ЭМЕС. Айтымында, алар — «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик» жана «Кыргызстан» партияларынан ушул бийликтин келишине себепкер өткөндөгү адилетсиз шайлоодо депутаттыкка талапкер болгон депутаттар… Анан кеӊешме мүчөлөрү ичинде тээ илгери бир учурда Конституция боюнча өз долбоор-сунуштарын жазып, жарыялап чыккандар да бар…

Ал эми азыркы Конституциялык кеңешме түзүлгөн эле күнү алгачкы жыйынын өткөрүп,  кеӊешме мүчөлөрү «Конституциялык түзүлүштүн негиздери», «Жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоо», «Мамлекеттик бийлик органдары» аталган үч секцияга бөлүнүп иштери чечилген. Акыркы учурларда учурдагы Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча кеп-сөзүн көп айтып жүргөн, демек, бул маселеде бейтарап эмес төрага Бекбосун Бөрүбашевдин айтымында, Конституциялык кеңешме иликтенип-жиликтенип жаткан, «…автору – демилгечи болгон депутаттар… Конституциялык кеңешме талкуулап бүткөндөн кийин… кеңешменин 85 мүчөсү авторлош болуп кала турган» жаӊы Конституция боюнча ишин 15-20 күндө жыйынтыктап калат...

Демек, 80+85+…=ТАРЫХЫЙ, САЯСИЙ ЖООПКЕРЧИЛИК ДА, ЭЭ?!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

6 thoughts on “Талант МАМЫТОВ: «Баш мыйзамдын долбоорунда бардык тараптардын пикирлери эске алынат» 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.