Садыр ЖАПАРОВ: «Жоону бирге жоолашып, доону бирге доолашкан достуктун устуну түбөлүк эмес экен»

Садыр ЖАПАРОВ: «Жоону бирге жоолашып, доону бирге доолашкан достуктун устуну түбөлүк эмес экен»
Президентикке талапкер Садыр Жапаровду илгертен эле (абакта жатканда аябай) колдоп келген белгилүү журналист Элнура Кулуева бүгүн, 21-ноябрда, «Фейсбуктагы» баракчасына Садыр Нургожоевичтин абакта жатып жазган китебинен (“Эрки күчтүү элибиздин эртеңи, эч кимди кайдыгер калтырбашы керек” деген темада) үзүндү жарыялады. Анда мындай деп жазылган:
Мен билек түрө көтөргөн элдин кызыкчылыгындагы маселелер, жиликтин башын зыркыратып, таманды ташка жанчый турган көйгөйлөр. Менин бүткүл үмүтүм, бардык ой-санаам элим менен болду. Арам саясаттын үстөмдүгүндө калгым келген жок. Көрсө, жоону бирге жоолашып, доону бирге доолашкан достуктун устуну түбөлүк эмес экен. Мамлекеттин күйүтүн тартып, эч ким башын канжыгага байлабайт тура. Арстандын туусун сайсак да, чындык ортодо кала берет. Элдин эки чоң мүлкү бар. Биринчиси баатыр, экинчиси акылман. Тилекке каршы, эки төңкөрүш тең, бийлик ордосуна баатырдыкты да, акылмандыкты да берген жок. Саясатыбыздын трагедиясы да ушунда.
Өкүнүчтүүсү , “Абыке-Көбөш, алты арам” деген саясаттын чеңгээлинде, 20 жыл сүзүп келе жатканыбызда. Жөнөкөй эле жеке башты сактоо менен, жеке кызыкчылык менен жүрө берсек, мамлекетибизди жоготуп алабыз.
Улуу максат бирөө гана — Кыргыз мамлекетинин жаркын келечеги болушу керек. Мен ушул жерден күчтүү сезим менен бир нерсени айткым келип турат. Улуу мүдөө, Улуу сабырды туу туткан бийлик орномоюн, саясый кулчулуктан кутула албайбыз. «Серпишкенге бой бербес, сепил боло алабызбы” дегендей, кеп ушунда. Мейли, мен эл көйгөйлөрү менен жалгыз калайын. Бирок, эртең баары бир эл ырыскысын, эл байлыгын ойлогон бирөө-жарым чыгат да. Ооба, мен бүгүн жалгыз чыбык болуп күрөшүп атам. Каралаган ушактарга, кара жаным гана туруштук берип турган кези. Менин күрөшүм- ички тышкы жоо күч алып турганда, бир муштумдай биригип,элдин олжосун сыртка бербей акыл тирек менен Ата Журт алдында, өз милдетибизди аткаруу гана. Кандай болбосун, акыры кыргызга жакшылык алып келишибиз керек. Эми бул вазийпанын аягы азыр бүдөмүк. 2005-жылдагы шайлоочуларымдын ишеничи, Ош окуясы, «Кумтөр», «Мегаком», Каркыра чындыгы мага өзгөчө таасир берди. Бийликтин, саясатчылардын адилетсиз кадамдарына , катардагы көрүүчү болуп тим олтура албаганым балким, мага душман болгондур деп ойлоп кетем. Коркпой, тайманбай күрөшкөнүм, мени сындыра алган жок. Мен буга эч өкүнбөйм. Саясый куугунтуктун болгон түрүн көрдүм. Саясаттагы позициям үчүн жакын туугандарым азап чекти. Кекчил саясаттын курмандыгы болдум. Бирок, эң башкысы таза абийир, эл менен калдым. Акыркы күндөрү кыргыз элим сокур болбосо экен деп тилеп калдым. Адамдардын кайсыл бир бөлүгүн басмырлоо күч алып, басынгандыктан элде үмүт жоголуп бара жатат. Салижан Жигитовдун “Шуулдаба,теректерим, шуулдаба, шуулдасаң ыйлагым келет менин“ деген саптарын көп эстейм. Көл тарапка баратып, кыргыз жерине суктанып атып эле куураган өрөөндү элестетип, чочуп кетем. Кудай сактасын деп күндө тилейм. Ак чокулуу мөңгүлөрүбүздү, мончоктой мөлтүрөгөн көлүбүздү,чубалып өмүр берген кыргыздын дарыяларын, кожогат, карагат толгон тоосун, килемдей көк шиберге толгон жайлоосун сактап калалы! Кыргыздын бир уулунун тилеги ушул. Кыргыздын жерин, тоолорун, суусун, алтынынын баркын билген адам катары ушул китепти жаздым. Ашууда дагы далай кызмат, эл алдында бере турган отчётторубуз бар. Эркиндиктин туусу бийиктикте гана желбирей берсин!
Жети жыл мурунку Жапаровдун жашоосу…

Эске сала кетсек, Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде, 2017-жылы андагы президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен камалган. Тагырагы, УКМК аны 2017-жылдын 25-мартында чет өлкөдөн келген учурда чек арадан тосуп алып кармап кетишкен. 2017-жылы күзүндө атасы каза болуп, ага топурак сала албай калган. Андагы бийлик (Атамбаев) уруксат бербей койгон. Кийин уулунан да ажырап калган.
Садыр Жапаровдун иши сотто каралып, 2018-жылы 11 жыл алты айга кесилген. Былтыр, 2019-жылы, Жогорку сот ишин карап, аны 10 жылга эркинен ажыраткан… Бирок быйыл, 2020-жылы, багы аябай ачылды. Тагырагы, 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыктары себепчи болгон нааразылык акциялары жапырт башаламандыктар  менен коштолуп, аягы бийлик алмашуу менен аяктаган эле. Абактагы бир топ саясатчылар бошотулуп, алардын арасындагы Садыр Жапаров бийликтин эки тизгин, бир чылбырын колго алып кыйла бийиктеген эле…

Тагырагы, 13-октябрда спикер болуп Канат Исаев, 14-октябрда премьер-министр болуп Садыр Жапаров шайланган. Ал учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков мамлекет стабилдүүлүгүн, эл ынтымагын жогору коюп, кагылыштан кан төгүлүп кетүүсүн каалабай 15-октябрда кызматын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, арызын жазып кеткен. 16-октябрдан бери президенттин милдетин убактылуу Садыр Жапаров аткарып калган. Ал президенттик шайлоого катышып жаткандыгына байланыштуу 14-ноябрда кызматын өткөрүп берген…

Учурда эки тизгин, бир чылбыр спикер Талант Мамытовдун колунда…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.