Алмамбет ШЫКМАМАТОВ: «Эй, достор, азыркы Конституция менен Жапаровду диктатор кылып коесуңар. Анткени…»

Алмамбет ШЫКМАМАТОВ: «Эй, достор, азыркы Конституция менен Жапаровду диктатор кылып коесуңар. Анткени…»

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, президентикке талапкер Садыр Жапаровдун Нарын облусундагы шайлоо алдындагы штабын жетектей турган Алмамбет Шыкмаматов ызы-чуу жараткан Конституциянын жаңы долбоору тууралуу «Азаттыкка» кенен маек куруп, азыркы долбоор жарабастыгын айтыптыр. Анын айтымында, долбоордогу кемчиликтерге Садыр Жапаров да каршы, ал азыркы долбоордогу алешемдиктер боюнча макул эмес.

«Мен чынын айтайын, ал жердеги ички «кухнясын» билбейм. Бирок, Садыр Жапаров курултай, президенттин мөөнөтү боюнча, сөз эркиндигине акаарат келгенине жана парламентин кээ бир укуктары түшүнүксүз болуп калганына нааразы. Ал сөз эркиндигин баалайт, президенттин диктатурасы орнобош керек экенин да билет. Мен аны менен Баш мыйзамдын долбоору жарыяланганга чейин да жолуккам.  

3 жума мурун го дейм, ушул сыяктуу бир долбоорду интернеттен окугам, соцсеттерди аралап жүргөн. Башын окуп туруп эле «Садыр Жапаровду жаман көрсөтүш үчүн» бир фэйк кое берген го деп ойлогом. Анан эле парламенттин расмий сайтына чыкты, окуп алып шок болдум. Бул долбоор болбойт! Себеби, анын мүдөөсүн юристтер туура эмес жазган. Муну юристтерби, же ким иштеп чыкса дагы, парламенттин депутаттары Садыр Жапаровду «подстава» кылып коюшту. Алар Жапаровду уят кылып коюшту. Же атайын кылыштыбы? Бул долбоорду талкуулаганга да болбойт. Ыргытып жиберип, кайра башынан башташ керек. Баш мыйзамдын азыркы долбоору «мунжу», документти Жогорку Кеңеш кайра чакыртып алыш керек!» , — деген экен А.Шыкмаматов.

А.Шыкмаматовдун пикирин толугу менен төмөндөгү «Азаттыктын» ВИДЕОсунан көрө аласыздар:

Эске сала кетсек, 17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоорун Жогорку Кеңеш коомдук талкууга алып чыккан. Бул долбоор жарыяланары менен жарандык коомдун, саясий ишмерлердин, укук коргоочулардын кескин сынына кабылды. Айрым саясатчы жана укук коргоочулардын айтымында, бул долбоор кабыл алынса, анда Кыргызстанда авторитардык бийлик орнойт.

Ал эми кол койгон айрым депутаттар долбоорду ким жазганынан кабары жок экенин, анын мазмунуна эмес, коомдук талкууга коюлушуна макул болуп гана кол коюп бергенин билдиришкен. Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири делген «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Эмил Токтошев демилгечи катары кол койбогонун билдирген.

Бул долбоорду толуктап иштеп чыгуу максатта кечээ, 20-ноябрда, Конституциялык кеңешме түзүлүп, алар ушул эле күнү ишин башташкан.

Жаңы долбоордо эмнелер жазылган?

Катуу сынга алынып, чуу чыгарган жаңы долбоор боюнча учкай айта кетсек, анда президенттин укуктары кеңейтилген. Тагырагы, президент аткаруу бийлигин жетектеп, мамлекеттин ички, тышкы саясатынын негизги багыттарын, өкмөттүн курамын, түзүмүн өзү аныктайт; бир канча мамкомитеттердин жетекчилерин дайындайт; өлкөнү эки мөөнөт башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот; мыйзам долбоорлорун демилгелей алат… Ошондой эле долбоордо мамлекеттик башкарууга «Элдик курултай» деген жаңы институт киргизилген; парламент депутаттарынын саны 120дан 90го кыскартылган; жалпыга маалымдоо каражаттарынин ишмердиги боюнча бир кыйла чектөөлөр да каралган…

Неси болсо да, аталган демилге кабыл алынса, 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен кошо конституциялык референдум да өтүшү мүмкүн, чиркин…

Жаңы долбоордун автору ким?

«Жүзүӊдү аччы, Гүлчөтай!» болуп ызы-чууну жараткан жаңы долбоордун автору жок болууда. Бирок, кечээ ал «жүзүн ачып», ачыкталгандай болду…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Алмамбет ШЫКМАМАТОВ: «Эй, достор, азыркы Конституция менен Жапаровду диктатор кылып коесуңар. Анткени…»

  1. Алмамбет иним С.Жапаров ко кошулбай эле койчу.Андан сага эмне ашат.Чала сабат бийликке жутунган адамдан баарын күтсө болот.Репутацияңды булгаба.Прогрессивтүү ойлонгон адамдар менен бирге жүрдүң эле. Алтынбектин командасында эми эмне болду.,билбеймин..

Добавить комментарий для Жусупова СеилканОтменить ответ

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.