ВИДЕО — «Ата Мекен» партиясынын штабына барып, «Текебаев кечирим сурасын!» деген топ кимдер?

ВИДЕО — «Ата Мекен» партиясынын штабына барып, «Текебаев кечирим сурасын!» деген топ кимдер?

Кечээ, 21-ноябрда, түштөн кийин «Ата Мекен» партиясынын Бишкектеги штабына белгисиз бир топ адам барып, ызы-чуу салып, «Өмүрбек Текебаев кечирим сурасын!» деген талап коюшканын аталган партиянын мүчөлөрү «Азаттыкка» билдирген.

Алардын талабын, коркутуу-үркүтүүсүн ВИДЕОдон көрсөӊүз болот.

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: «Вы никто!»

«Ата Мекен» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев 18-ноябрда «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө Конституция өзгөртүү киргизүү боюнча демилгесине комментарий берип жатканда президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Бектур Зулпиевге карата айткан. Тагырагы, түшүнгөн кишиге анда Өмүрбек Чиркешович президенттин Аппаратындагы жашырынып Конституциянын долбоорун жазган юристтерди, кошоматчы чиновниктерди айтты. “Силер мыйзамды аттап, өз каалаганыңарды кыла албайсыңар! Силер эч ким эмессиңер, орусча айтканда, Вы никто!” деп айтканын төмөндөгү Видеодон дагы бир жолу көрүңүз!

Айтмакчы, Бектур Зулпиев тууралуу…

21-октябрда анда президенттин милдетин убактылуу аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров өз Жарлыгы менен илгертен «көмүскөдө Баш мыйзам жазгыч» даӊазасы бар, бийликтегилерге «сакадай бою сары алтын юрист» Бектур Зулпиевди президент аппаратынын жетекчисинин орун басары кылып дайындаган. Анын арттагы өмүр таржымалына сереп салсак, Бектур Зулпиев мурдагы президент Курманбек Бакиев заманында, 2005-жылдын сентябрь айында президенттик аппараттын укуктук саясат бөлүмүнүн башчысы болуп келип, аны 2009-жылга чейин жетектеген; 2009-жылдын октябрь айынан 2010-жылдын апрелине чейин да юридикалык кызматты башкарган…

Баса, кошумчалай кетсек, Президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары — 2013-жылы 17-июнда Садыр Жапаров, Талант Мамытов, Камчыбек Ташиевди актап, кийин ал үчүн кызматтан алынган эки соттун бири Медербек Сатыев… Экинчи судья болсо, учурда Башкы прокурор жана жаӊы Конституцияны талдап-тактап жаткан Конституциялык кеӊешменин мүчөсү — Курманкул Зулушев

Мирзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.