ВИДЕО — Каныбек ИМАНАЛИЕВ: «Бир тентек баладан коркуп мамлекетти талкалоого жол бербешибиз керек! Себеби…»

ВИДЕО — Каныбек ИМАНАЛИЕВ: «Бир тентек баладан коркуп мамлекетти талкалоого жол бербешибиз керек! Себеби…»

ЖК депутаты, президентикке талапкер Каныбек Иманалиев көңүл борборунда, чуунун чордонунда турган Конституциянын жаӊы долбоору тууралуу пикирин «Акыркы кабарларга» билдириптир. Анда ал бул сунушталып жаткан долбоорду даярдоого бир дагы депутат катышпаганын, окубай туруп кол коюп бергенге көнүп калган депутаттардын кемчилигин баса белгилептир. Ошондой эле ал бул долбоор эки бөлүктөн тураарын: бири Өмүрбек Текебаев жазган Конституциянын кайсы жерлери көчүрүлүп алынганын, калган бөлүгү Түркмөнстандан көчүрүлүп алынганын ачыктаптыр.

Кыскасы, «Акыркы кабарлар» алган маекти бу жердеги ШИЛТЕМЕден көрсөӊүз болот.

Эске сала кетсек, 17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоорун Жогорку Кеңеш коомдук талкууга алып чыккан. Бул долбоор жарыяланары менен жарандык коомдун, саясий ишмерлердин, укук коргоочулардын кескин сынына кабылды. Айрым саясатчы жана укук коргоочулардын айтымында, бул долбоор кабыл алынса, анда Кыргызстанда авторитардык бийлик орнойт.

Ал эми кол койгон айрым депутаттар долбоорду ким жазганынан кабары жок экенин, анын мазмунуна эмес, коомдук талкууга коюлушуна макул болуп гана кол коюп бергенин билдиришкен. Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири делген «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Эмил Токтошев демилгечи катары кол койбогонун билдирген.

Бул долбоорду толуктап иштеп чыгуу максатта 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлүп, алар ушул эле күнү ишин башташкан.

Жаңы долбоордо эмнелер жазылган?

Катуу сынга алынып, чуу чыгарган жаңы долбоор боюнча учкай айта кетсек, анда президенттин укуктары кеңейтилген. Тагырагы, президент аткаруу бийлигин жетектеп, мамлекеттин ички, тышкы саясатынын негизги багыттарын, өкмөттүн курамын, түзүмүн өзү аныктайт; бир канча мамкомитеттердин жетекчилерин дайындайт; өлкөнү эки мөөнөт башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот; мыйзам долбоорлорун демилгелей алат… Ошондой эле долбоордо мамлекеттик башкарууга «Элдик курултай» деген жаңы институт киргизилген; парламент депутаттарынын саны 120дан 90го кыскартылган; жалпыга маалымдоо каражаттарынин ишмердиги боюнча бир кыйла чектөөлөр да каралган…

Неси болсо да, аталган демилге кабыл алынса, 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен кошо конституциялык референдум да өтүшү мүмкүн, чиркин…

Жаңы долбоордун автору ким?

«Жүзүӊдү аччы, Гүлчөтай!» болуп ызы-чууну жараткан жаңы долбоордун автору жок болууда. Бирок, кечээ ал «жүзүн ачып», ачыкталгандай болду…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.