Асия САСЫКБАЕВА: “Ата Мекен” штабында болгон көрүнүштү иликтеп, аларды мыйзам чегинде жоопко тартууга чакырабыз!»

Асия САСЫКБАЕВА: “Ата Мекен” штабында болгон көрүнүштү иликтеп, аларды мыйзам чегинде жоопко тартууга чакырабыз!»
“Ата Мекен” социалисттик саясий партиясынын төрагасынын орун басары, “Ата Мекен” депутаттык фракциясынын катчылыгынын башчысы Асия Сасыкбаева бүгүн, 23-ноябрда, бийликке кайрылуу жасады. Ал толугу менен төмөндө:
КРнын Президентинин милдетин аткаруучу
Т.МАМЫТОВго
КРнын Премьер-министринин милдетин аткаруучу
А.НОВИКОВго
КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы
К.ТАШИЕВге
КРнын Ички иштер министри
У.НИЯЗБЕКОВго
21-ноябрь ишемби күнү “Ата Мекен” партиясынын штабына бир топ адамдар бастырып киргенге аракет кылып, ал жерде партиянын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин дарегине коркутуу сөздөрдү, чакырыктарды айтышты. Андан башка, бүгүнкү бийликтин көз карашына каршы пикирин билдирип жаткан саясатчылар: Роза Отунбаева, президенттик шайлоого катышып жаткан Садык Шер-Нияз, Каныбек Иманалиев, Клара Сооронкулова жана башкаларды коркуткан ураандар ташталды.
Ушундан улам, “Ата Мекен” партиясынын катчылыгы укук коргоо органдарына кайрылып, тиешелүү чараларды көрүүгө чакырат.
Садыр Жапаров премьер-министр, Президенттин милдетин аткаруучу болгон. Шайлоого баргандыгы үчүн бул ыйгарым укуктарын убактылуу гана токтотту. Садыр Жапаров: «Премьер-министр катары Конституцияны колго алып, ушул Конституцияны жана мыйзамдарды, адам укуктарын сактайм, коргойм», — деп ант берген. Конституцияда шайлоо эркин болоору, ар бир адам эркин гана добуш бербестен, тигил же бул кандидатка, же референдумда тигил же бул чечимге “каршы”, же “макул” деп агитация жүргүзгөнгө укугу бар экендигин жана ал укук биринчи кезекте мамлекет жетекчиси, Өкмөт башчысы тарабынан корголуп, кепилдик боло тургандыгы жазылган.
Бүгүн коомчулукта кээ бир саясий күчтөрдүн айдактоосу менен бийликтин кандидатурасынан башка кандидаттарга чабуул жасап, алардын өмүрүнө, кол салууга, денесине, ден соолугуна зыян келтирүүгө, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрлөрүнө кол салууга, менчиктерин талап-тоноого болгон чакырыктар күч алып жатат. “Ата Мекен” партиясынын офисинде болгон окуяны мына ошол чакырыктардан улам бийликчил партиялар жасап жатат деп ойлойбуз. Болбосо, эмне үчүн Өкмөт, Ички иштер министрлиги, президеттин милдетин аткаруучулар үн катпайт? Эмне үчүн мындай чакырыктарга каршы турушпайт? Демек, коомдогу террор, радикалдуулук, бийликке каршы чыккандарды коркутуп-үркүтүү, репрессиялоо бүгүнкү бийликтегилердин расмий саясатыбы деген ойго түртөт.
Урматтуу Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Талант Турдумаматович Мамытов!
Урматтуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Новиков Артем Эдуардович!
Урматтуу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Кыдыршаевич Ташиев!
Урматтуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Омоканович Ниязбеков!
Мындай террорго, мындай радикалдуу аракеттерге өз убагында тыюу салбасаңыздар, өлкөдө мыйзамдуулукка, адам укуктарына жана тынчтыкка залакасын тийгизе турган процесстер күчөшү мүмкүн. Бардык жоопкерчилик сиздерде экенин унутпаңыздар.
21-ноябрда “Ата Мекен” партиясынын штабында болгон терс көрүнүштү тез арада, объективдүү иликтеп, күнөөлүүлөрдү мыйзам чегинде жоопко тартууга чакырабыз!
Асия САСЫКБАЕВА,
“Ата Мекен” социалисттик саясий партиясынын төрагасынын орун басары,
“Ата Мекен” депутаттык фракциясынын катчылыгынын башчысы
Эске сала кетсек,  21-ноябрда, түштөн кийин «Ата Мекен» партиясынын Бишкектеги штабына белгисиз бир топ адам барып, ызы-чуу салып, «Өмүрбек Текебаев кечирим сурасын!» деген талап коюшкан. Алардын талабын, коркутуу-үркүтүүсүн бу жердеги ВИДЕОдон көрсөӊүз болот.

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: «Вы никто!»

«Ата Мекен» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев 18-ноябрда «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө Конституция өзгөртүү киргизүү боюнча демилгесине комментарий берип жатканда президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Бектур Зулпиевге карап: «Вы никто»,-деген. Тагырагы, Өмүрбек Чиркешович президенттин Аппаратындагы жашырынып Конституциянын долбоорун жазган юристтерди, кошоматчы чиновниктерин айткан.  “Силер мыйзамды аттап, өз каалаганыңарды кыла албайсыңар! Силер эч ким эмессиңер, орусча айтканда, Вы никто!” деп айтканын төмөндөгү Видеодон дагы бир жолу көрүңүз!

Айтмакчы, Бектур Зулпиев тууралуу…

21-октябрда анда президенттин милдетин убактылуу аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров өз Жарлыгы менен илгертен «көмүскөдө Баш мыйзам жазгыч» даӊазасы бар, бийликтегилерге «сакадай бою сары алтын юрист» Бектур Зулпиевди президент аппаратынын жетекчисинин орун басары кылып дайындаган. Анын арттагы өмүр таржымалына сереп салсак, Бектур Зулпиев мурдагы президент Курманбек Бакиев заманында, 2005-жылдын сентябрь айында президенттик аппараттын укуктук саясат бөлүмүнүн башчысы болуп келип, аны 2009-жылга чейин жетектеген; 2009-жылдын октябрь айынан 2010-жылдын апрелине чейин да юридикалык кызматты башкарган…

Баса, кошумчалай кетсек, Президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары — 2013-жылы 17-июнда Садыр Жапаров, Талант Мамытов, Камчыбек Ташиевди актап, кийин ал үчүн кызматтан алынган эки соттун бири Медербек Сатыев… Экинчи судья болсо, учурда Башкы прокурор жана жаӊы Конституцияны талдап-тактап жаткан Конституциялык кеӊешменин мүчөсү — Курманкул Зулушев

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.