Чолпон КОЙЧУМАНОВА: «Жаңы долбоордогу адам укуктарын бузган нормага көңүл буруу керек!»

Чолпон КОЙЧУМАНОВА: «Жаңы долбоордогу адам укуктарын бузган нормага көңүл буруу керек!»

Бүгүн, 23-ноябрда, Конституциялык кеңешменин кезектеги жыйынында Улуттук илимдер академиясынын Гуманитардык иликтөөлөр борборунун жетекчиси, тарых илимдеринин доктору, профессор Чолпон Койчуманова Конституциянын жаңы долбоорунун 23-беренесине көңүл бурууга чакырды.

Анда: “Кыргыз Республикасында жалпы таанылган ыймандык баалуулуктарга, Кыргызстан элинин каада-салттарына, ошондой эле эл аралык стандарттарга каршы келген басылмаларга, анын ичинде электрондук алып жүрүүчү басылмаларга, оюн-зоокторго жана коомдук иш-чараларга тыюу салынат” деп жазылган.

Профессор кеңешменин мүчөлөрүн дал ушул нормага көңүл бурууга чакырды. “Баалуулуктар менен каада-салтты ар ким ар башкача түшүнөт. Бүгүнкү күндө ким баалуулуктарга жана каада-салтка аныктама бере алат? Анда ошол баалуулуктарды жана салттарды мыйзамда санап өтүш керек, бирок аны эч ким жасабайт, себеби ар кимдин түшүнүгү ар башка. Бул берене менен каалаган кишини жоопко тартууга болот. Коомчулук дал ушул беренени сындап жатат, бул чоң карама-каршылыктарга алып келет. Бул жерде адам укуктары олуттуу түрдө бузулуп жатат”, — деди Ч.Койчуманова.

Белгилей кетсек, 20-ноябрда, Конституциянын жаӊы долбоорун ар тараптуу талкуулап, бирдиктүү пикирге келүү үчүн Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Президенттин милдетин убактылуу аткарып жаткан спикер Талант Мамытов тийиштүү Жарлыкка кол койгон.

Конституциялык Кеңешмеге 89 адам (35и илимпоз) мүчө болуп кирип, анын төрагасы болуп Бекбосун Бөрүбашев шайланган. Алар үч күндөн бери Баш мыйзамынын жаңы редакциясынын долбоорун талкуулашууда.

Эске сала кетсек, 17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоорун Жогорку Кеңеш коомдук талкууга алып чыккан. Бул долбоор жарыяланары менен жарандык коомдун, саясий ишмерлердин, укук коргоочулардын кескин сынына кабылды. Айрым саясатчы жана укук коргоочулардын айтымында, бул долбоор кабыл алынса, анда Кыргызстанда авторитардык бийлик орнойт.Ал эми кол койгон айрым депутаттар долбоорду ким жазганынан кабары жок экенин, анын мазмунуна эмес, коомдук талкууга коюлушуна макул болуп гана кол коюп бергенин билдиришкен. Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири делген «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Эмил Токтошев демилгечи катары кол койбогонун билдирген…

Бирок Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, президентикке талапкер Садыр Жапаровдун Нарын облусундагы шайлоо алдындагы штабын жетектей турган Алмамбет Насырканович: «…талкуулаганга да болбойт, …ыргытып жиберип, кайра башынан башташ керек… «мунжу», документти Жогорку Кеңеш кайра чакыртып алыш керек!»  деп сыпаттаган жаңы долбоор боюнча коомдук талкуу уланууда…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.