Дастан БЕКЕШЕВ: «Өлкө бакиевчил заманга кайтып баруунун босогосунда турат»

Дастан БЕКЕШЕВ: «Өлкө бакиевчил заманга кайтып баруунун босогосунда турат»

Коомчулукта «Ханституция» аталып катуу талкуу болуп жаткан жаӊы Баш мыйзам долбоорун ЖК депутаты Дастан Бекешев «Бакиевдердин 2010-жылдагы 7-апрель үчүн өч алуусу» деп атады. «Өлкө бакиевчил заманга кайтып баруунун босогосунда турат. Бизди алдыда кыйын күндөр күтүүдө. 80 депутаттын аркасы менен артка кеттик. 2010-жылдын 7-апрелинде авторитардык режимге каршы чыгып каза тапкан 80ден ашуун мекендештерибиздин өлүмү унутулду. Биз кайрадан авторитаризмге кайтып жатабыз»… Ал эми ушуга жол берип жаткан VI чакырылыштагы парламентке да таамай баасын берип: «Мурда парламентти пластилин деп атачу элем. Суранам, мени кечириңиздер, мен катуу жаңылышыпмын. Пластилин бекемирээк… …Акаев, Бакиев аздык кылыптыр да. Бизде алардан өткөн жаңы хан болот. Садыр Жапаровдун тарапташтарынын бардыгы кийин ага каршы кыңк эте да албай калат. Түрмөгө камаласыңар же УКМКчылардын, ал тургай УКТнын да алдынан өтүп турасыңар», — деп эсептейт Дастан Бекешев…

Эске сала кетсек, 17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоорун Жогорку Кеңеш коомдук талкууга алып чыккан. Бул долбоор жарыяланары менен жарандык коомдун, саясий ишмерлердин, укук коргоочулардын кескин сынына кабылды. Айрым саясатчы жана укук коргоочулардын айтымында, бул долбоор кабыл алынса, анда Кыргызстанда авторитардык бийлик орнойт. Ал эми кол койгон айрым депутаттар долбоорду ким жазганынан кабары жок экенин, анын мазмунуна эмес, коомдук талкууга коюлушуна макул болуп гана кол коюп бергенин билдиришкен. Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири делген «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Эмил Токтошев демилгечи катары кол койбогонун билдирген.

Жаны долбоорго кол койгон 80 депутаттын ТИЗМЕсин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаныз болот.

Белгилей кетсек, 20-ноябрда, Конституциянын жаӊы долбоорун ар тараптуу талкуулап, бирдиктүү пикирге келүү үчүн Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Президенттин милдетин убактылуу аткарып жаткан спикер Талант Мамытов тийиштүү Жарлыкка кол койгон.

Конституциялык Кеңешмеге 89 адам (35и илимпоз) мүчө болуп кирип, анын төрагасы болуп Бекбосун Бөрүбашев шайланган. Алар үч күндөн бери Баш мыйзамынын жаңы редакциясынын долбоорун талкуулашууда…

Ал эми жаӊы долбоордун негиздеме-маалымкатында учурдагы Баш мыйзамды өзгөртүүгө андагы «карама-каршылыктар жана боштуктар, бийликтин орнотулган системасынын натыйжасыздыгы жана анын жоопкерчилик механизмдеринин жоктугу менен шартталганы» жазылган…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.