Өгөй атасы сабаган 6 жаштагы баланын апасы милицияга тосмо арыз жазды…

Өгөй атасы сабаган 6 жаштагы баланын апасы милицияга тосмо арыз жазды…

Өгөй атасы сабаган 6 жаштагы баланын апасы Эркайым Асанбаева милицияга тосмо арыз жазганы тууралуу «Азаттыкка» жабыркаган баланын апасынын адвокаты Шердор Абдыкапаров билдирген. Анын айтымында, ал «Азыркы күйөөм менен жашайм» деп жолдошун кечирип, тосмо арызын жазып берген.

«Баланы абалы жакшы, азыр аны таенесине Ат-Башыга алып кетишти. Энеси кош бойлуу болуп, өзү да ооругандыктан эч кандай комментарий бергиси келген жок», — деп билдирген адвокат Абдыкапаров.

Белгилей кетсек, кечээ, 22-ноябрда, көзү-бети канжалап аянычтуу абалда жаткан баланын ооруканада жаткан сүрөтү социалдык тармактарга тараган. Жаш акын Бердибек Жамгырчиев баланы өгөй атасы урганын жазып чыккан.

33 жаштагы шектелген адам бүгүн, 23-ноябрда, кармалып, Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Маалыматка караганда, Сокулук районунун 25 жаштагы тургуну 6 жаштагы баласын жолдошу сабаганын айтып, арыз менен милицияга кайрылган. Бул окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 75-берене («Үй-бүлөдөгү зомбулук») боюнча катталып, сотко чейинки териштирүү иштери ИИМ жана Чүй ОИИББ жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.