Өмүрбек Текебаев депутаттык мандатынан ажыратылдыбы?

Өмүрбек Текебаев депутаттык мандатынан ажыратылдыбы?

Бүгүн, 23-ноябрда Биринчи май райондук соту «Ата Мекен» партиясынын лидери, ЖК депутаты Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын жокко чыгарды. Бул тууралуу акын, президенттикке талапкер Темирлан Ормуков «Фейсбуктагы» баракчасына жазып чыкты. Анын айтымында, анын арызын сот канааттандырган.

Мындай маалыматты Өмүрбек Чиркешович «Азаттыкка» ырастап, соттун бул чечими 30 күндөн кийин күчүнө кирээрин билдирген. Ошондой эле ал сотко катышпаганын айтып, анын мандатын алуу  саясий чечим болгонун баса белгилеген. «Бул саясий чечим экенин мен так айтып коюшум керек. Бүгүнкү бийликтегилер фракция башчыларынын жана башка күбөлөрдүн алдында мага «мандатты керек болсо алып коёбуз» деп айткан учурлары болгон. Сот дагы эле саясий буйрукту аткарып жатат»,-деп билдирдген Текебаев.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин 6-чакырылыштагы депутатынын мандатын 15-октябрда кайтарып алган. «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шер-Нияз 12-октябрда депутаттык мандатынан өз эрки менен баш тартып, ордун партиянын лидерине бошотуп берген. Ал боюнча БШКга арыз жазып, ал канааттандырылган.

Эске сала кетсек, 2017-жылы Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген жалган көрсөтмөнүн, андагы ажо Алмазбек Атамбаевдин буйругунун негизинде, ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. 2019-жылы Жогорку сот ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгарган. Учурда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда алардын иши кайра каралууда…

Ал эми Темирлан Ормуков…

Акын Темирлан Ормуков 2017-жылы, андагы ажо Алмазбек Атамбаевди сындаган ыр жазып, ошого байланышуу айыпталып, камакка алынган. Т.Ормуков Өмүрбек Текебаев негиздеген «Сентябрь» телеканалы аркылуу байма-бай чыгып, маселесин айтып турган. Анын айтымында, «Президенттин ар-намысына шек келтирди» деген негизде КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев милицияга арыз жазган. Бишкектин Октябрь райондук соту Ормуковду «соттук отурумдарга келбей жатат» деген жүйө менен бир айга №1 тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 5-апрелде Ормуковду ооруканада жаткан жеринен колуна кишен салып алып кетип, № 1 тергөө абагына камаган. Ал 2018-жылы абактан бошотулган. Эми алдыдагы президенттик шайлоого аттанып, мыйзамга ылайык, 30 миң кол (подпись) топтоо менен алектенүүдө…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.