Абдил СЕГИЗБАЕВ: «Садыр Жапаров кимдин буйругу менен Кыргызстанга кайтып келгенин билем»

Абдил СЕГИЗБАЕВ: «Садыр Жапаров кимдин буйругу менен Кыргызстанга кайтып келгенин билем»

«Белизгейт» менен белгилүү болгон УКМКнын мурдагы жетекчиси, учурда президентикке талапкер Абдил Сегизбаевдин мындай маалыматын «Vesti.kg» сайты жазып чыкты.

Анда ал: «Мен Садыр Жапаров менен сүйлөшүп көргөн эмесмин. 2017-жылы ал Кыргызстанга кайтууну чечкенде, «эгер ал кайтып келсе, аны камакка алуу керек» деген соттун чечими бизде (УКМК) бар. Каракол окуясы боюнча сот болуп, чечим чыкты. Андан Садыр Жапаров кабардар болушу керек деген ниетте, мен бирөөлөр аркылуу ага жеткирттим. Чек арада Жапаров бир-эки саат ойлонуп, кайтып келүүнү чечти. Мен анын артында ким тураарын, ал эмне үчүн Кыргызстанга кайтып келгенин билем. Ал тууралуу айта турган көп нерсем бар. Бирок, азыр эмес, анын баарын шайлоо учурунда айткым келет. Себеби, үгүт иштери башталганга чейин атаандашы тууралуу сүйлөөгө тыюу салынгандыгын адвокаттар айтышты. Учуру келгенде, ал тууралуу элге баарын ачык айтам», — деп билдирген.

7 жыл мурунку Жапаровдун жашоосу…

Эске сала кетсек, Садыр Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айып тагылган. Ошонун негизинде 2017-жылдын март айында, Атамбаевдин бийлигинин тушунда, Кыргызстанга кайтып келатканда чек арадан кармалып, УКМКга күч менен алынып кеткен. 2018-жылы соту болуп, 11 жыл алты айга кесилген. 2019-жылы, жазында Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган.

ЖАМК Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтү 2026-жылдын 5-сентябрында бүтөөрүн, эгер ага мунапыс берилсе, анда абактагы мөөнөтүн 2023-жылга чейин кыскартууга болорун билдирген.

Шайлоонун шайтан оюнунун аягы…

Садыр Нургожоевичтин багы бар экен, шайлоонун шайтан оюну эбепке себеп болуп аны абактан бошотту. Тагырагы, 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына, добуштарды бурмалоого 12 партиянын лидерлери, шайлоочулары нааразы болуп, 5-октябрда Ала Тоо аянтында митинг уюштурушкан. Аягы башаламандыкка айланып, митингчилер менен милициялар кагышып, абактагы бир топ саясатчылар (алардын арасында Садыр Жапаров да болгон) бошотулуп, бийлик алмашкансыган…

Садыр Жапаров 3 жолку шайлоо менен (акырында 90 депутаттын колдоосу менен) премьер-министр болуп шайланган. Кийин-кийин, 15-октябрда ал тарапташтарынын алдына чыгып, андагы президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кеткенин, президенттин милдетин аткарып калганын жарыялаган. Анан, алдыдагы мөөнөтсүз президенттик шайлоого катышуу максатта ал кызматтарын 14-ноябрда өткөрүп берген…

Сегизбаев, анан Опумбаев, учурдагы Ташиев…

Белгилей кетсек, Абдил Сегизбаев Алмазбек Атамбаевдин бийлиги тушунда УКМКны жетектеген. Ал кызматтан 2018-жылдын 7-апрелинде  өз арызы менен кеткен. Ордуна Орозбек Опумбаев келип, ал киши ушул жылдын 9-октябрында андагы ажо Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгы менен кызматтан кеткен. Учурда бул таасирдүү кызматты Камчыбек Ташиев жетектейт. Ал бул кызматка эӊ жакын досу, президенттин милдетин аткарып турган премьер-министр Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 16-октябрда келген.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

One thought on “Абдил СЕГИЗБАЕВ: «Садыр Жапаров кимдин буйругу менен Кыргызстанга кайтып келгенин билем»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.