Феликс КУЛОВ: «Жапаров Текебаев тууралуу айткандарын сотто далилдеп берсин, болбосо…»

Феликс КУЛОВ: «Жапаров Текебаев тууралуу айткандарын сотто далилдеп берсин, болбосо…»

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров кечээ, 23-ноябрда, “7-каналга” барып маек куруп берген. Анда ал коомдук талкууга чыгарылган Конституциянын долбоору тууралуу айтып жатып, «2010-жылдагы Конституцияны Текебаев жеке кызыкчылыгы үчүн жазып алган» деп күнөөлөп, алтургай «Маевскийден да 1 млн доллар алганы анык, аны саясий элита билет, керек болсо Кулов да билет. Эгер ал айтпаса, Суваналиев тастыктап берет, мен тастыктап берем» деген.

Аты аталган «Ар-намыс» партиясынын лидери Феликс Кулов Садыр Жапаровго «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу жооп берди.

— Текебаевдин Маевскийден 1 млн доллар алганы далилденип, аны билсем, анда мен аны колдобойт болчумун. Себеби, Текебаевдин баш коргоо чарасында өлкөгө эч кандай акча түшпөгөндүгү белгилүү болгон. Тагырагы, Маевский өзүнүн банктык эсебинен бир да доллар ала алган эмес, ошондуктан ал Кыргызстанга эч нерсе алып келген эмес. Мындан тышкары, ал Россияда «алдамчылык» беренеси менен сот жообуна тартылып, камалган.

Садыр Жапаров 7-каналдын эфиринде Текебаевдин Маевскийден пара алганын тастыктай алаарын айтты. Эгерде айткандары куру сөз эмес болсо, анда ал сотто көрсөтмө берүүгө милдеттүү. Болбосо, анын билдирүүсү жалган сөз таркатуу катары саналат. Сотко кайрылып, жарандык милдетиңди аткар жана ошол жерде керектүү далилдерди бер! Бирок, жалган көрсөтмө бербеши керек! Анткени «чириген» сот системанын адилетсиздигин өзү башынан өткөрүп, азап чегип келген. Көптөгөн кайгы-капаны, трагедияларды башынан кечирген адам агрессияга алдырбай, мээримдүү болуп, башка адамдарды негизсиз каралабашы керек эле. Өч алуу — бул өлкөдөгү эң жогорку кызматты ээлегиси келген адам үчүн өтө кооптуу, жооптуу сапат.

Садыр Жапаровдун айткандарын төмөндөн көрүңүз:

Эске сала кетсек, 2017-жылы Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген жалган көрсөтмөнүн, андагы ажо Алмазбек Атамбаевдин буйругунун негизинде ар бири 8 жылдан түрмөгө кесилген. 2019-жылы Жогорку сот ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарып, үй камагына чыгарган. Учурда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда алардын иши кайра каралууда…

Белгилей кетсек, Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин 6-чакырылыштагы депутатынын мандатын 15-октябрда кайтарып алган. «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шер-Нияз 12-октябрда депутаттык мандатынан өз эрки менен баш тартып, ордун бошотуп берген. Ал боюнча БШКга арыз жазып, ал канааттандырылган.

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: «Сот дагы эле саясий буйрукту аткарып жатат»

Кечээ, 23-ноябрда, Биринчи май райондук соту «Ата Мекен» партиясынын лидери, ЖК депутаты Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын жокко чыгарды. Тагырагы, акын, президенттикке талапкер Темирлан Ормуковдун арызын сот канааттандырды.

Соттун мындай чечимин Өмүрбек Текебаев тастыктап: «Бул саясий чечим экенин мен так айтып коюшум керек. Бүгүнкү бийликтегилер фракция башчыларынын жана башка күбөлөрдүн алдында мага «мандатты керек болсо алып коёбуз» деп айткан учурлары болгон. Сот дагы эле саясий буйрукту аткарып жатат», — деп билдирген.

Өмүрбек Текебаев «Мегаком» чыры, Маевский боюнча бар чындыкты буга чейин айтып эле келген. «Тастыктап берем» деген Садыр Жапаровго да жооп айтаар…

Түз сүйлөп, түз жүргөн генерал сыпаттамасы бар «комиссар Катани» Суваналиевден кандай кеп чыгат, аны да убакыт көрсөтөр…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Феликс КУЛОВ: «Жапаров Текебаев тууралуу айткандарын сотто далилдеп берсин, болбосо…»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.