Мамлекеттик гимндин авторлорунун бири Шабданбек Кулуев дүйнө салды

Мамлекеттик гимндин авторлорунун бири Шабданбек Кулуев дүйнө салды

Бүгүн, 24-ноябрда, КРнын Мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири, эмгек ардагери,  Эл агартуунун отличниги, Жазуучулар союзунун мүчөсү, «Кыргыз эл мугалими» ардактуу наамынын жана “Кеменгер” төш белгисинин ээси акын Шабданбек Кулуев узак оорудан улам 78 жашында каза болду.

Маркумдун сөөгү эртең, 25-ноябрда, саат 10:00дө өзүнүн жашаган Ак Босого жаңы конушунан ( Чүй 47 көчөсү 6 үйүнөн) чыгарылып, 11:00дө «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.

Шабданбек Кулуев Мамлекеттик гимнди Кыргыз эл акыны Жалил Садыков менен биргелешип жазган. Ал эмгеги үчүн 1994-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамын алган.

Жумгал районунун Чаек айылында 1942-жылы 1-январда туулган. 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетин аяктаган. Эмгек жолун 1963-жылы Суусамыр өрөөнүндөгү 8-март, Каракол башталгыч мектептеринде мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1969–1990-жж. Жумгал районунун Жумгал, М.В.Фрунзе атындагы орто мектептеринде тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары, директор, 1990–2006-ж.ж. Жайыл районунун Түркмөн атындагы орто мектебинде математика мугалими болуп иштеген.

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө, кызы Элнура Кулуевага тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.