Каныбек ИМАНАЛИЕВ: «Садыр Жапаров президент болсо, Кыргызстанды Ооганстанга айландырат. Биз ага жол бербейбиз!»

Каныбек ИМАНАЛИЕВ: «Садыр Жапаров президент болсо, Кыргызстанды Ооганстанга айландырат. Биз ага жол бербейбиз!»

Бүгүн, 24-ноябрда, «24.kg» агенттигинде белгилүү саясатчылар: Каныбек Иманалиев, Равшан Жээнбеков, Садык Шер, Клара Сооронкулова жана Токтайым Үмөталиева басма сөз жыйынын өткөрүшүп, президентикке талапкер Садыр Жапаровдун кечээги билдирүүсүн сынга алышты.

Президенттикке талапкер Каныбек Иманалиев алгач Ысык-Көлдөн чыккан атактуу, белгилүү тарыхый инсандарды санап чыгып, Садыр Жапаров мамлекет башчысы болуп шайланып калса, Кыргызстан Түркмөнстан эмес, Ооганстанга айланып калаарын эскертти:

— «Садыр Жапаров президент болсо, Кыргызстан Түркмөнстанга айланат» деп Өмүрбек Текебаев жаңылып калды. Андай эмес, эгерде Садыр Жапаров президент болсо, Кыргызстан экинчи Ооганстан болот. Биз буга жол бербейбиз! Анткени, ал күч колдонуу менен бийликке умтулуп жатат. Бирок, Жапаров билип койсун, кыргыз эли буга эч качан жол бербейт. Биз демократияны коргош үчүн тоо болуп туруп беребиз!

Урматтуу Ысык-Көлдүн калкы, ак сакалдары, эл-журту, мен дагы Ысык-Көлдүн жээни болом. Менин чоң таянем Касым Тыныстановдун айылынан, жакын туугандары болуп кетет. Ысык-Көлдүн калкы, аксакалдары, бул тентек балаңар элди укпай жатат. Балким силерди угаар. Чакырбайсыңарбы, көлгө алып кетпейсиңерби, 2 жыл губернатор болуп иштесин, өссүн-өнсүн, андан кийин премьер-министр болсун. Анан даяр болуп келсин. Элдин тагдыры оюнчук эмес. Ал жалаң фейктерди угуп калды.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров кечээ, 23-ноябрда, “7-каналга” барып, коомдук талкууга чыгарылган Конституциянын долбоору тууралуу пикирин билдирген. Анда ал бир топ саясатчылардын атын атап өткөн.

Айтмакчы, Баш мыйзамдын жаӊы долбоору боюнча Садыр Жапаровдун Нарын облусундагы шайлоо алдындагы штабын жетектей турган Алмамбет Шыкмаматов ызы-чуу жараткан Конституциянын жаңы долбоору тууралуу «Азаттыкка» кенен маек куруп, «3 жума мурун го дейм, ушул сыяктуу бир долбоорду интернеттен окугам, соцсеттерди аралап жүргөн. Башын окуп туруп эле «Садыр Жапаровду жаман көрсөтүш үчүн» бир фэйк кое берген го деп ойлогом. Анан эле парламенттин расмий сайтына чыкты, окуп алып шок болдум. Бул долбоор болбойт! Себеби, анын мүдөөсүн юристтер туура эмес жазган. Муну юристтерби, же ким иштеп чыкса дагы, парламенттин депутаттары Садыр Жапаровду «подстава» кылып коюшту. Алар Жапаровду уят кылып коюшту. Же атайын кылыштыбы? Бул долбоорду талкуулаганга да болбойт. Ыргытып жиберип, кайра башынан башташ керек. Баш мыйзамдын азыркы долбоору «мунжу», документти Жогорку Кеңеш кайра чакыртып алыш керек!», «…долбоордогу кемчиликтерге Садыр Жапаров да каршы, ал азыркы долбоордогу алешемдиктер боюнча макул эмес» деп, бир топ акылдуу кептерди айткансыган. Ашынган ич күптүсү болбосо, калыстыкты карманып шылуун Маевский боюнча, саясатта канча бир кыйынчылыкты чогуу көрүшкөн Өмүрбек Чиркешович тууралуу да жөндүү кебин айтып чыгар деген ой келет…

 

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Каныбек ИМАНАЛИЕВ: «Садыр Жапаров президент болсо, Кыргызстанды Ооганстанга айландырат. Биз ага жол бербейбиз!»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.