Мадумаровдун Москвадагы жолугушуусу боюнча Башпрокуратура БШКга материал жөнөттү

Мадумаровдун Москвадагы жолугушуусу боюнча Башпрокуратура БШКга материал жөнөттү

Башкы прокуратура «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери, президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун Орусияда мигранттар менен жолугушуусунда үгүт иштерин жүргүзгөндүгү тууралуу материалды видеодон карап такташ үчүн БШКга жөнөттү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, ушул жылы 7-ноябрда Адахан Мадумаров Москвада биздин  мигранттар менен жолугушкан. Жолугушуу Москвадагы Транспорт университетинин Маданият үйүндө өткөн. Аны Орусиядагы кыргызстандыктар түптөгөн «Мен макул эмесмин», «Укугум бар» кыймылдары уюштурган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.