БАШПРОКУРАТУРА: «Садыр Жапаровдун атынан жардам тараткан адам аныкталып, териштирүү иши башталды»

БАШПРОКУРАТУРА: «Садыр Жапаровдун атынан жардам тараткан адам аныкталып, териштирүү иши башталды»

«Белгисиз кишилер автоунаа менен президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун атынан азык-түлүк таратып жатат» деп социалдык тармакка тараган видеотасма боюнча Башкы прокуратура териштирүү ишин баштады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, ал видеотасмадагы «Хюндай-Портер» автоунаасы Ноокаттын Чеч-Дөбө айылынын тургунуна тиешелүү экендиги аныкталган. Бул окуя Жазык кодексинин 192-беренеси («Шайлоочуларды сатып алуу») боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү иши башталган.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Садыр Жапаровдун атынан бир катар үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратылганы тартылган видеотасма тараган эле…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.