Талапкерлигин артка алган Марат Кайыпов мамлекет аталышын «Республика Кыргыз» десе, Кошалиев…

Талапкерлигин артка алган Марат Кайыпов мамлекет аталышын «Республика Кыргыз» десе, Кошалиев…

Президенттик шайлоого талапкер болуп катталып, кайра арызын артка кайрып алган мурдагы Адилет министри, учурда Конституциялык кеңешме мүчөсү Марат Кайыпов 23-ноябрдагы аталган кеңешменин кезектеги жыйынында мамлекет аталышына токтолду. «Дүйнөдөгү бардык өлкөлөр зат атооч менен аталат. Ал эми Кыргызстан сын атооч. Биздин өлкө орус тилине «Кыргызская Республика» деп которулат, андыктан «Республика Кыргыз» деп туура жазыш керек. «Кыргызская Республика» жалгыз гана кыргыздардын өлкөсү дегенди түшүндүрүп калат экен. Ал эми «Республика Кыргыз» көптөгөн улуттар ынтымакта жашаган өлкөнү туюндурат», — дейт Марат Кайыпов.

Конституциялык кеңешменин дагы бир мүчөсү Кадыр Кошалиев ага макул болбой, башка вариант сунуштады. «Биз «Кыргыз Эл Республикасы» (Кыргызская Народная Республика) деген атты сунуштайбыз. Себеби, өлкөгө элдик бийлик келди. Ошондуктан «эл» деген сөздү кошуп Кытай эл Республикасы сыяктуу кылышыбыз керек», -дейт Кадыр Кошалиев.

Белгилей кетсек, 20-ноябрда, Конституциянын жаӊы долбоорун ар тараптуу талкуулап, бирдиктүү пикирге келүү үчүн Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Президенттин милдетин убактылуу аткарып жаткан спикер Талант Мамытов тийиштүү Жарлыкка кол койгон.

Конституциялык Кеңешмеге 89 адам (35и илимпоз) мүчө болуп кирип, анын төрагасы болуп Бекбосун Бөрүбашев шайланган. Алар үч күндөн бери Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулашууда.

Эске сала кетсек, 17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоорун Жогорку Кеңеш коомдук талкууга алып чыккан. Бул долбоор жарыяланары менен жарандык коомдун, саясий ишмерлердин, укук коргоочулардын кескин сынына кабылды. Айрым саясатчы жана укук коргоочулардын айтымында, бул долбоор кабыл алынса, анда Кыргызстанда авторитардык бийлик орнойт.Ал эми кол койгон айрым депутаттар долбоорду ким жазганынан кабары жок экенин, анын мазмунуна эмес, коомдук талкууга коюлушуна макул болуп гана кол коюп бергенин билдиришкен. Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири делген «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Эмил Токтошев демилгечи катары кол койбогонун билдирген.

Жаны долбоорго кол койгон 80 депутаттын ТИЗМЕсин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаныз болот.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Талапкерлигин артка алган Марат Кайыпов мамлекет аталышын «Республика Кыргыз» десе, Кошалиев…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.